№415 15-21-октябрь, 2010-жыл.
Экс-президент Курманбек Бакиев Кыргызстандагы кырдаал жөнүндөгү оюн “Коммерсантъ” басылмасынын сайты аркылуу 13-октябрда жарыялады. Анын айтымында, ал эч бир партияны каржылаган эмес. “Мага көптөгөн партиялардын башчылары байланышка чыгып, жардам берүүмдү суранышты. Бирок партиялардын тизмесин карай келгенде, бир кезде биздин командада чогуу иштешкендерди көрүп калдым. Ошондуктан мен баш тарттым”,- дейт.
Андан сырткары Курманбек Бакиев кээ бир саясатчылар менен сүйлөшүп жаткандыгын билдирди. “Бирок тымызын тыңшоолор болуп жаткандыктан, аларды коркунучка түрткүм келбейт. Ачыгын айтканда, мен аларды аяп жатам”,- деди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |