№417 29-октябрь - 4-ноябрь, 2010-жыл.
БШКнын төрагасы Акылбек Сариев шайлоонун жыйынтыгы эмне үчүн кечеңдетилип жаткандыгы боюнча жаңы шылтоо тапты. “Бийлик алмашса, анда суракка чакыра башташат. Ошондуктан так болуш керек”,- деди Акылбек мырза.
Сурак биякта турсун, Клара Кабилова өңдүү БШК башчылары өлкөдөн качып чыкканы да белгилүү. Ошону эске бекем түйгөн Акылбек Сариев расмий жыйынтыкты чыгарууга шашпай жаткан көрүнөт. “Бири-бирибизге тоскоолдук жаратпасак, анда эртерээк бүтүрөбүз”,- деди Акылбек Сариев.
Эки жумага созулган шайлоонун жыйынтыгы партиялардын чыдамын жана сабырын сынап бүттү окшойт. Жыйындардын биринде Акылбек Сариев менен “Бүтүн Кыргызстандын” өкүлү Екатерина Быцко айтыша кетишти. Эркек-аял эрегишинде БШКнын төрагасы: “Эгерде протоколго кол койгуңуз келбесе, имаратты таштап кете берсеңиз болот. Сиз айткандай, мындай “шоу-чараларды” өзүбүзгө эмес, сиз үчүн жасап жатабыз”,- деди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |