Апта ичинде... 15-16-НОЯБРЬ КҮНДӨРҮ ЭС АЛАБЫЗ

№419 12-18-ноябрь, 2010-жыл.

  • 16-ноябрь – Курман айт күнү деп жарыяланып, 15-ноябрдагы иш күнү 13-ноябрга жылдырылды. Ошентип, жекшемби күндү кошкондо үч күн катары менен дем алабыз.
  • Курман айт майрамына карата 17-21-ноябрь аралыгында 4 күн бою Кытай менен болгон чек ара убактылуу жабылат.
  • Оштун борбордук базары Манас-Ата кичирайонуна көчүрүлөт. Ал үчүн 14 гектар жер бөлүндү.
  • Буга чейинки Ош шаарынын жайма базар каптаган Ак-Буура дарыясынын жээктеринде эмдиги жылы гүлбактар ачылат.
  • Өзгөн районунун прокурорунун жардамчысы пара алып жаткан жеринен кармалды.
  • Күйүүчү май акыркы он айда 31 пайызга кымбаттады.
  • Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өмүр бою темир тор артына камоо өкүмүн аппеляциялык сот дагы өзгөртүүсүз калтырды.
  • Кыргызстанда 15-21-ноябрь күндөрүндө Ишкердик аптасы өткөрүлөт.
  • Жогорку Кеңеште фракциялардын жетекчилери кимдер болору айтылды. “Ата Журт” фракциясынын лидери Ахматбек Келдибеков болсо, калган 4 фракция жетекчилигине партия лидерлери калтырылды.
  • Апрель окуясы боюнча сот иши кайрадан артка жылдырылып, 17-ноябрга белгиленди.
  • Кыргызстанда жыл сайын баары биригип 26 миллион доллар баадагы нефть, газ жана көмүр өндүрүлөт.
  • Эгерде 2015-жылга чейин санариптик көрсөтүүгө өтпөсө, анда Кыргызстан толугу менен телекөрсөтүүдөн кур жалак калат.
  • 275 даана жасалма паспорт алып жүргөн Кыргызстандын жараны Түркияга учуп бара жаткан жеринен кармалды.
  • Улутташтырылган объектилердин саны дагы 6га көбөйдү. Алар: Жалал-Абад шаарынан орун алган Акмат Бакиевдин мекемелери, Бишкектеги “Спартак” стадионунун чакан аренасы жана Спорт Ордосундагы курулуштар.
  • Ошто июнь окуясында эң көп жабыркаган Черёмушка району боюнча алгачкы соттук уктуруу болуп өттү.
  • Кара-Суу районундагы Шарк айылынан чекисттер бир жарым айдын ичинде 5-жолу жашырылган курал-жарак таап чыгышты.
  • Жаратылыш ресурстардын министри Кайрат Жумалиев алтын чыгаруучу “Жер-Үй” кенин иштетүүгө «Визор Холдинг» компаниясына берилген лицензияны жокко чыгарууну өкмөткө сунуштады.
  • Эл аралык издөөдө жүргөн “Манас” аэропортунун экс-президенти, Үсөн Сыдыковдун уулу Бакыт Сыдыков Бишкекке келди.
  • Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп Улукбек Чыналиев дайындалды.
  • Өлкөдө сасык тумоого каршы эмдөө башталды.
  • Президент Роза Отунбаева Транзиттик жүк ташуучу борборго күйүүчү май ташуу үчүн келишим түзгөн «Мина Корп» компаниясына каршылыгын билдирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо