№420 19-25-ноябрь, 2010-жыл.
“Жакында жаңы оппозициячы болом” деген, өткөн жылдын президенттикке талапкери жана жөн эле популярдуу саясатчы Нурлан Мотуев мусулманча үйлөндү. Жаңы депутаттар төш белгисин майлап жүрүшсө, Нурлан мырза жаш кыз менен никесин кыйдырып, махабатка мас болуп турган чагы.
Кимге үйлөнүптүр дебейсизби? Нурлан Мотуевдин келинчеги Альвира Хочиева 19 жашта, 2-курстун студенти. Экөөнүн таанышып калуусуна бир телеканалдын программасы себепкер. Анын жүрүшүндө Нурлан мырза телефон номурун берип, кийин Альвира чалып, сүйлөшүп калышкан. Биздин угушубузга караганда, бул чүрөк кыз былтыркы жылы Агрардык жогорку окуу жайынын “Мисс универ” деген наамын жеңип алган. Азыркы учурда модель болуп иштейт. Нурлан мырза менен колтукташып келген Альвира айым жакында боло турган тоюна бизди чакырганга үлгүрдү. “Бизге ортобуздагы 21 жаш айырма тоскоол боло албады”,- дейт жаңы келин.
Не демекчибиз, Нурлан мырза, бул ирет куш бооңуз бек болсун!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
кыргыздын Диброву болгон мага =((
Исламды PR-га аралаштырбай эле койсо болмок.
Да нууу коёндой окшош екен