Бир бүркүм... БЕНЗИН ДАГЫ КЫМБАТТАЙТ...

№422 3-9-декабрь, 2010-жыл.

  • Келерки жылдын бюджетинин таңсыктыгы 18,3 миллиард сомду түзүшү мүмкүн. Казынанын кирешеси 56,8 миллиард сомду түзсө, ал эми чыгашасы 75,1 миллиард болушу күтүлүүдө.
  • Президент Роза Отунбаева Казакстандын борбору Астанада болуп өткөн ЕККУнун саммитинде БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун жана президент Нурсултан Назарбаев менен жолукту.
  • 1-декабрдан тарта орусиялык нефти продуктулардын экспорттук салыгы ар бир тоннасына 208ден 217 долларга көтөрүлдү.
  • Өлкөдө расмий түрдө 3 миң 232 киши ВИЧ инфекциясына чалдыккан болсо, андан сырткары 322 адам СПИД оорусу менен жабыркайт.
  • Кыргызстандын гуманитардык коомчулугу июнь айындагы коогалаңдан жабыркагандарга 42 миллион доллар өлчөмдө жардам көрсөтүү чакырыгы менен эл аралык уюмдарга кайрылды.
  • Кыргызстандагы быйылкы жылы болуп өткөн конфликттердин себептерин иликтеп жаткан эл аралык комиссия 2011-жылдын январында жыйынтыгын жарыялайт.
  • Бишкек шаардык БИИБинин маалыматы боюнча, Бишкек шаарындагы кырсыкка бай көчө деп Дэн Сяопинди атоого болот. Буга чейин эң коркунучтуу көчөлөрдүн бири Тынчтык проспектиси болуп келген.
  • Борбордо 2-3-декабрда биринчи республикалык санариптик технология жана идеялардын жарманкеси болуп өтмөкчү.
  • Кыргызстанда алтын өндүрүүчү “Центерра” компаниясына тиешелүү акциянын баасы акыркы 4 жылдын ичиндеги эң жогорку чегине жетти. Анын 1-декабрдагы баасы бир акция үчүн 21 канадалык долларды түздү.
  • Ош шаарында милиция кызматкерлери тарабынан “Кылым шамы” уюмунун эки укук коргоочусу Токтасын Козубаев менен Батыр Маражанов кармалган. Анын себептери азырынча такталууда.
  • Бишкектин мэриясы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо үчүн жыл сайын 110 миллион сом бөлүп турат.
  • Түркиянын президенти Абдуллах Гүл Кыргызстанга полиция кызматкерлерин жөнөтүүгө даяр экендигин айтты.
  • Өкмөт Саламаттыкты сактоо министрлигине быйылкы жылы кошумча иретинде 100 миллион сом каражат бөлдү.
  • Ош шаарында 2500дөн ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт.
  • Жаштардын иштери боюнча министрлик 30-декабрь күнү Жаштардын ресурстук борборун ачты.
  • Камбар-Ата-2 ГЭСи 5 күндүн ичинде 400 миң киловатт электр энергияны иштеп чыкты.
  • Бишкек шаарында жаңы жылга карата эмки аптада 4 балаты орнотулмакчы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо