Бир бүркүм... КЫТАЙЛАРДЫН САНЫ 350 МИҢ КИШИГЕ ЖЕТЕТ...

№424 17-23-декабрь, 2010-жыл.

  • Кыргызстандын аймагында жакынкы 10 жылдын ичинде кытайлардын саны 350 миң адамга жетерин серепчи Азамат Дикамбаев билдирди.
  • Борбор шаардагы Ботаникалык бакта 18-декабрь күнү балаты базарынын расмий ачылышы өтөт.
  • Бишкектин мэриясы Жаңы жылды майрамдоого 14 миллион сом сарптайт.
  • Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода агымы жыл сайын 5-9 миллиард долларды түзөт. Бул сумманын 10 пайызы гана кыргызстандыктардын чөнтөгүндө киреше катары калат.
  • Экс-президенттин бир тууганы Акмат Бакиевдин соту болуп өттү. Адвокаттарынын тил кат менен А.Бакиевди үй камагына бошотуу суранычы четке кагылды. Сот иши 13-январда улантылат.
  • Бишкектин Жылуулук электр борбору декабрдын аягына чейин жетчү мазут менен камсыз болду.
  • Жаңы жылдан кийин борбор шаарга жаңы троллейбустар келерин вице-мэр Төрөбек Имашев билдирди. Учурда жалпы линияда 80 троллейбус иштөөдө. Ал эми подстанциялардын кубаты 150 троллейбусту тейлөөгө жетет.
  • Бишкекте автобус жүрүүчү жаңы маршрут жолдору ачылат. Анын көпчүлүгү жаңы конуштардын жүргүнчүлөрүн ташууга бөлүнөт.
  • Улутташтырылган 5 автоунаа жана 1 яхта Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлдү. Ал эми Як-40 учагы боюнча улутташтыруу маселеси аягына чыга элек.
  • Президент Роза Отунбаева УКМКга 2011-жылдын 1-январына чейин Террорчулукка каршы борбор түзүүнү буюрду.
  • Ушул убакытка чейин Мамлекеттик мүлк министрлиги 38 объектини улутташтырганын министр Шералы Абдылдаев билдирди.
  • Банкрот болгон “АзияУниверсалБанкы” реструктуризация ыкмасы менен “Залкар” деген жаңы банк болуп түзүлөрүн Улуттук банк башкармалыгынын мүчөсү Салтанат Алыбаева кабарлайт.
  • Чүй жана Нарын облустарында өмүр бою түрмөдө отура тургандар үчүн атайын колония курулат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо