-
Быйылкы жылы тышкы карыздын көлөмү дагы 340 миллион долларга көбөйүп, жалпысынан 2 миллиард 820 миллион долларды түзүп калды.
-
Премьер Алмазбек Атамбаев алгачкы сапарын Кремлден баштамакчы.
-
“Кыргызстан” аба компаниясы Боинг 737-300 жана ATR 42-320 учактарын сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
-

Ош
жана Жалал-Абад
облустарында жашаган, июнь окуясынан жабыркаган 2 миң үй-бүлөгө 1 тоннадан көмүр таркатылат.
-
Президент Роза Отунбаева 22-декабрда Түркиянын Стамбул шаарына Экономикалык кызматташуу уюмунун кезектеги жыйынына катышуу үчүн кетти.
-
1-вице-премьер Өмүрбек Бабановдун айтымында, келерки жылга карата казынанын кирешеси 68,8 миллиард сом, ал эми чыгашасы 87,3 миллиард сом болушу күтүлүүдө. Ошентип, бюджеттин таңсыктыгы 18,6 миллиард сом болду.
-
Бишкектин Жал кичирайонунда 6-8-апрель окуясында каза болгон жана жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө арналган жалаң бир бөлмөлүү 72 квартирадан турган 9 кабаттуу үй курулуп бүттү.
-
Расмий маалыматтар боюнча, июнь окуясынан кийин Ош жана Жалал-Абад облусунун 20 миңден ашуун тургуну жумушсуз калса, кандуу кагылыштан кийин
38 миңдей адам бул аймакты таштап кетишти.
-
Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы президенттин буйругу менен кайрадан Комитет болуп түзүлдү.
-
Учурунда Рыспек Акматбаевди, азыр Санжар Бакиевди актоо аракетинде жүргөн белгилүү адвокат Рыспек Нагаев инсульттан көз жумду.
-
2011-жылы жалпы республикалык тестирлөөнүн
баасы мурункудай 220 сом
боюнча калат. ЮСАИД уюмунун жардамы менен өткөрүлгөн бул тестирлөөнүн баасы акыркы он жылдан бери өзгөрө элек. 
-
Белгилүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 100 жылдык юбилейинин урматы үчүн Бишкекте илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.
-
Жаңы жылга карата 3-январга чейин Кыргызстан-Кытай чек арасы жабылат.
-
Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын мэриясы пиротехникалык каражаттарды пайдаланууга тыюу салды.
-
2011-жылдын 1-январынан тарта мугалимдердин айлыгын 30 пайызга жогорулатуу боюнча токтомго өкмөт кол койду.
-
2011-жылдын бюджетин парламент кийинки жылы карамай болду.
-
31 жаштагы Айбек Азыранкулов Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
-
Орусиялык «Риа Новости» агенттигинин версиясы боюнча, Кыргызстандын апрель окуясы 2010-жылдын эң маанилүү эл аралык 10 окуянын катарына кирди.