Аптанын башында иштериңиздин жыйынтыктары көңүл жылытпайт. Бейшембиде юридикалык маселелер сиздин пайдаңызга чечилет. Жума күнү ден соолугуңуз начарлашы мүмкүн. Ишембиде алыс жолго аттанууңуз күтүлүүдө. Жекшембиде эмоцияга алдыруудан сактаныңыз.
Жаңы идеяны ишке ашыруу үчүн сарптаган акчаңыз акталбай калышы мүмкүн. Андыктан кандай иш баштабаңыз, жети өлчөп, бир кескен оң. Апта башында ишиңизде жетекчилик менен оор сүйлөшүүлөр орун алат...
Аптада мурда берген убадаңызды аткарыңыз. Болбосо сөзгө туруксуз экендигиңиз ишиңизге да терс таасирин тийгизет. Дүйшөмбүдө каржы маселесинен улам үй-бүлөдө түшүнбөстүктөр келип чыгышы мүмкүн. Бейшембиде сүйүү жаатында мамиленин салкындап кетүүсүнө таасир этүүчү окуя чыгат...
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |