Ылгоо: күнү | кароолор | пикирлер | рейтинг боюнча
АНАКОНДА
№2140 4511 0
АКШ, Бразилия жана Перу өлкөлөрүнүн биргелешүүсү менен 1997-жылы тартылган «Анаконда» фильми көрүүчүлөр­дүн, айрыкча жаныбарларды сүйүүчүлөрдүн купулуна толгон тасма болуп эсептелет. Фильм Бразилия жана АКШда өткөн бетачарында эле 70 миллион доллардан ашык каражат топтоп, фильмге сарпталган каражатты актап койгон. Ал эми Голливуд жылдызы Анжелина Жолинин атасы Жон Войт фильмде карамүртөз, ташбоор аңчынын ролун абдан...
толугу менен
ҮЙДӨ ЖАЛГЫЗ
№2172 6657 0
1990-жылы жарыкка чыккан “Үйдө жалгыз” фильми тартылганына 16 жыл болсо да жаш балдардын да, ата-энелердин да сүйүп көргөн тасмасына айланып келет. Режиссёр фильмди эл жакшы кабыл алганын көргөн соң, ушул сындуу эле фильмди тартууну көздөйт да, 1992-жылы “Үйдө жалгыз-2” тасмасын тарткан. Ойлогондой эле бул тасма да популярдуулукка ээ болот. Муну көргөн башка режиссёрлор ушул эле идеянын негизинде “Үйдө жалгыз-3” жана “Үйдө жалгыз-4” тасмаларын тартышат. Бирок, бул тасмалар биринчиси сымал популярдуу болбойт...
толугу менен
АПТАП
№2190 3847 0
Сүйүү, жаштык, бакыт сыяктуу адамзаттын жашоосунун өзөгүн түзгөн түшүнүктөрдү камтыган «Аптап» фильми улуу муундун да, кичүү муундун да кызыгуусун жарата алды. Фильмде атактуу «9-рота» фильминде катышкан актёрлордун дээрлик баары ойношкондуктан, анын уландысы катары таасир калтырат. Бирок, фильмде 9-ротадагыдай трагедия эмес, жаштардын бактылуу турмушу сүрөттөлөт.
толугу менен
ПАРФЮМЕР
№2202 4835 0
Ырайымсыз, эч качан сүйүү деген эмне экенин билбеген жетим Гренуй жашоодогу чыныгы жетишкендикке бир гана жол менен жетет. Ал жол элде жок жытты сезе билгендигинин арты менен өзгөчө атырды ойлоп тапканы эле. Анын керемет атырлары адамдарды акыл-эсинен ажыратканга чейин жеткирсе дагы аны алдыда өлүм жазасы күтөт. Анткени, Гренуйдун идеалдуу керемет атыры үрөй учурган ыкма менен алынган эле.
Фильмдин режиссёру –Том Тиквер...

толугу менен
ШЕР ЖООКЕР
№2210 3051 0

Эр жүрөк жигит, сулуу бийкеч, каары катуу падыша... Бул үчөөнүн ортосунда пайда болгон сүйүү үч бурчтугу жоокердик жашоонун мыйзамына баш ийбейт. Эр жүрөк жоокер падышасына жол коёбу же падышабы? Бүтүндөй мамлекеттин тагдыры ушул чечимге көз каранды.
Мына ушундай татаал сюжетти чагылдырган «Шер жоокер» фильми 1995-жылы жарыкка чыккандан бери көрүүчүлөрдүн көңүлүнөн орун таап келет.

толугу менен
ХОТТАБЫЧ
№2220 3694 0

Смоленск шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда “Режиссёрлук үчүн атайын белек”, Москва кинофестивалында “Көрүү­чүлөр­дүн сүй­мөн­чүгү” деген наамдарга татыктуу болгон “Хоттабыч” фильми 2006-жылы Россияда тартылган. 90 мү­нөт­кө созулган комедия жанрындагы бул фильм ошол эле жылдын 10-августунда экранга чыккан. Жомоктогу Хоттабыч аттуу сыйкырчы жин менен маалымат каражаты болгон интернетти байланыштырып кошуп, режиссёр Пётр Точилин жакшынакай, курч, күл­күлүү тасма жаратып койду. Мынакей, ал...

толугу менен
АПОКАЛИПСИС
№2231 1351 0
Улуу Майя цивилизациясынын кыйрашын сүрөттөгөн жаңы тасманын башталышында экрандан “Улуу цивилизацияларды жок кылуу мүмкүн эмес. Алар өздөрүн-өздөрү ичтен жок кылмайынча...” деген күчтүү эпиграф пайда болгондо көрүүчү поп-корн жегенин токтотот да, фильм бүткөнчө (ал 2 саат 15 мүнөт созулат) дем албастан экранды тиктеп отурууга аргасыз болот.
Режиссёру –
Мел Гибсон

толугу менен
«PRADA» КИЙГЕН АЗЕЗИЛ
№2240 3722 0

Эгер “адамдын көркү чүпү­рөктө” дегенди туура эмес деп эсептесеңиз, белгилүү мо­дель­ерлер Дольче менен Габбананы буга чейин ага-ини деп жү­рсөңүз, курду шымыңыз түшүп кетпеш үчүн гана тагынып, атактуу “Pra­da” кийим фирмасынын белгисинин кандай жазылаары сиз үчүн баары бир бол­­со, анда бул тасманы көрөт элем деп убактыңыз менен акчаңызды коротпой эле коюңуз. Антсе да бир күн убакыт кенен болуп...

толугу менен
КАДЕТЧИЛИК
№2250 3037 0

“Какайгыла! Оң-го! Тез кадам менен алдыга! Бир-эки, бир-эки!..” Мына уш­ундай командалар менен коштолгон жаштар да, карылар да сүйүп көргөн көп сериялуу көркөм фильм атак-даңкты көз­дөй ишенимдүү кадам шил­теп отуруп ийгиликтин туу чокусуна жетти. Жетмек турсун ашып кетти! Анткени, көпчүлүктүн суранычы орундалып, 40 сериядан турган бул тасманын уландысы тартылууда. Демек, жакында...

толугу менен
МИНИСТРДИН КЫЗЫНЫН МАХАБАТЫ-2
№2260 25877 0

"Фильмге тартыла турчу адам та­жрыйбалуу актёрбу же эл арасынан тандалган карапайым кишиби? Тасманын жаралышы үчүн мыкты профессионалдуу камера колдонулдубу же жөнөкөйүбү? Фильмге миллион доллар сарпталдыбы же миңби? Тасма үстүндө 100 же 2 киши иштегенби? Мен үчүн жогорудагылардын баарысы негизги маселе эмес. Мен жанталашкан нерсе – бул жыйынтык" дейт...

толугу менен
МУЗЕЙДЕГИ ТҮН
№2270 3456 0
Эл арасында көп талапка ээ болгон, эң көп көр­үлгөн киножанрлардын тизмесиндеги 3-орун үйбүлөлүк комедияларга тиешелүү. Так ушул жанрда "20th Century Fox" кинокорпорациясы өткөн 2006-жылы "Музейдеги түн" аттуу жаңы тасма жаратты. Чынында эле бул чоң ата, чоң энеңер, бө­бөк­төрүңөр менен чогуу отуруп көрүүгө жарай турган фильм. Жакынкы мезгилде пайда болгон "Апокалипсис", "Көзүр туздар" сыяктуу шедеврлердин санына кире албаган бул...
толугу менен
«ОСКАР»-2007
№2280 3208 0
Дүйнөлүк киноискусство жана маданият жаатында зор мааниге ээ болгон америкалык улуттук «Оскар» киносыйлыгын тапшыруу аземин жылдын эң маанилүү окуясы деп атасак жаңылышпайбыз. Бир жарым карыш бою бар бул «алтын киши» – тагдыры киного байланган миңдеген адамдардын эңсеген кыялы, алдына койгон максаты, өмүр бою күрөшүп келген баалуу белеги. Сиздерди үстүбүздөгү жылдын февраль айында болуп өткөн «Оскардын»...
толугу менен
ЖОГОЛГОНДОР
№2290 4032 0
Өткөн саныбызда жарыяланган “Кино дүйнөсүндө” аттуу рубрикабызда 2006-жылдын “Оскар” сыйлыгынын “Эң мыкты фильми” деген наамына “Жоголгондор” аттуу тасма ээ болгондугун билдирген элек. Аталган фильм “Оскар” үчүн жарышка түшкөн көптөгөн тасмалардан эмнеси менен айырмаланат? Алардан артыкчылыгы эмнеде? Эгер фильмди өз көзүңүз менен көргөн болсоңуз, жогорудагы суроолордун...
толугу менен
КУРАН КЕРЕМЕТТЕРИ
№2300 11959 0
ХХ кылымдын башында орус окумуштуусу Александр Фридман менен бельгиялык астроном Георгий Леметр көпкө созулган илимий изилдөө­лөрү­нүн негизинде чоң ачылыш жасашкан. Бул ачылыш ааламдын дайыма кеңейип турушу эле. Чындыгында, аалам барган сайын кеңейип, андагы асман телолору, жылдыздар бири-биринен алыстап жатканы 1922-жылы тастыкталган.
Бирок, бул тууралуу маалымат адамзатка эчак эле билдирилген тура! Башкача айтканда, мындан 14 кылым мурун Алла Таала...

толугу менен
300 СПАРТАЛЫК
№2310 5919 0

Акыркы жылдары Голливуддун өнөрпоздору тарыхый фильмдерге көбүрөөк көңүл буруп, кандуу, каар-мандарга бай кино тартууга көнүп алышты. Бүгүнкү сөз болуучу тасма да алардын санына кирет. “300 спарталык” тасмасынын бет ачары көптөгөн өлкөлөрдө 2007-жылдын 9-мартында болуп өттү. Ошол күнү жөнөкөй эле клипмейкер болуп жан баккан Зак Снайдер улуу режиссёр деген атка конду. Анткени, анын...

толугу менен
АЛМАШКАН АШЫКТАР
№2320 3776 0
Эгерде сиз менен түгөйүңүздүн ор­тоңуздарда түшүн­бөстүктөр пайда болсо, дароо урушууга камданбаңыз. Андай маселелерди чечүүнүн эки жолу бар: биринчиси – психологдун кызматын пайдалануу, экинчиси – жөн гана төмөндөгү тасманы чогуу отуруп көрүү.
Тасманын башкы каармандары кадимкидей эле заманбап үйбүлө...

толугу менен
АРМАН
№2332 7979 0
Кыргыз киносунун күй­өр­­мандары, сүйүнчү! “Таалай элеси” студиясы тарабынан жаңы тасма тартылды. Бирок, аты айтып тургандай, армандуу окуяларды чагылдырган фильм учурунда кубаныч, күлкү жөнүндө ойлоно албайсыз. Ошондуктан, бир гана эскертүү: 25-апрелде Россия кинотеатрында “Армандын” бет ачарына ба­ра турган болсоңуз, чөнтөгүң­үз­гө сөзсүз жүзаарчы салып алыңыз. Анткени, 100 мүнөткө созулган бул тасманын 90 мүнөтүн...
толугу менен
ЭКИ ГҮЛДҮН ТАЛАШЫ
№2340 3431 0
Учурда россиялык 1-каналдын кечки эфири “Амедия” кинокомпаниясы тарабынан тартылган “Татьянин день” аттуу көп сериялуу үйбүлөлүк көркөм фильм менен ээленип турат. Мазмунуна жараша бул фильмди кыргызча «Эки гүлдүн талашы» деп атасак жарашчудай. Аталган сериал 1999-жылы Колумбияда “La Guerra de las Rosas” (“Розалардын согушу”) деген ат менен чыгып, дүйнөнүн 18 өлкөсүндө көрсөтүлгөн фильмдин ремейки...
толугу менен
БИРИНЧИ КАДР
№2350 4304 0
Камера! Мотор! Баштадык!.. “Айтыш” киностудиясынын жарым жылдык талыкпас эмгегинин натыйжасы көрүү­чү­лөрдүн назарына “Биринчи кадр” деп аталган 1 сааттык кинотасма болуп сунулуп отурат. Фильм ичиндеги фильм тууралуу баяндаган бул окуяда бүгүнкү турмуш, өзүбүздүн эле жашообуздан алынган бир күн чагылдырылат. Ошол себептенби, айтор, “Биринчи кадр” комедия жанрында тартылган...
толугу менен
БОЗ САЛКЫН
№2370 16871 0

Батыштын “боевиктери” менен орустун обу жок сериалдарынан тажап бүтсөңүз, маанисиз кинолордун чөлүндө накта кыргыздын сөзүнө, өңүнө зар болуп турсаңыз, жардамга көлдөн соккон боз салкын келатат. Ал – “Ой Арт” продюсерлик компаниясы тартуулаган мыкты режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун жаңы эмгеги “Боз салкын”.

толугу менен
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо