p

7-апрель, 1937-жылы Төкмө акын, дастанчы, комузчу Тууганбай Абдиев туулган

Кыргызстан
7-апрель  1937-жылы Белгилүү төкмө акын, дастанчы, комузчу Тууганбай Абдиев Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Ничке-Сай айлында туулган.
1955-жылы Токтогул райондук маданият сарайында, 1956-1961-жылдары Жалал-Абаддагы кыргыз драма театрында иштеген.
Ал эми 1961-жылдан тартып Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын артисти болуп, 1976-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетин (азыркы Кыргыз улуттук университетин) аяктаган.
Театрга келгенге чейин эле алгачкы устаты Коргоолдон комузга коштоп ырдоону, айтыштын ар кыл түрлөрүн, Сарыкунандан (Сагынбек) дастандарды комуз менен аткарууну үйрөнгөн.
"Чоң кербез", "Бала кербез", "Тогуз кайрык", "Мырза кербез", "Бала кербез", "Кара өзгөй", "Кер толгоо", "Ак тамак, көк тамак", "Ак Бакай", "Лу-лу Мамажан" комуз күүлөрүн, "Жаныш-Байыш", "Курманбек", "Ак Мөөр" кенже эпосторун жана башкаларды мурдагы авторлордун деңгээлинде аткарбастан, өз чеберчилиги менен алардын таасирдүүлүгүн ого бетер тереңдеткен. Ошондой эле "Эрке кыял" аттуу күүнүн автору.
Тууганбай Абдиевдин "Таңшы комуз" (1979-ж), "Ыр канатында" (1984-ж.) ыр жыйнактары жарык көргөн.
Тууганбай Абдиев Кыргыз Республикасынын Эл артисти (1993-ж.), Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти (1986-ж.) болгон. Ошондой эле төкмө акындардын "Ак таңдай - 1993", "Манас 1000" эл аралык айтыштарынын, "Курманбек -500" дастанчылардын сынагынын жеңүүчүсү болгон.
Тууганбай Абдиев узакка созулган оорунун айынан 2008-жылы 1-декабрда Бишкек шаарында каза болгон. Кыргыз эл артисти Тууганбай Абдиевди акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү 3-декабрда Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөн. Залкар төкмөнүн сөөгү 2008-жылы 3-декабрда Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
 (89 жыл мурун)
 


Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо