p

7-апрель, 1964-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина туулган

Кыргызстан
7-апрель  1964-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн.
Эмгек ишмердүүлүгүн 1981-жылы Фрунзе (Бишкек) шаарындагы №26 мектепте улук пионер вожатый болуп иштөөдөн баштаган. Мектептин педагогикалык комитетинин жамааты тарабынан мугалимдердин комсомол уюмунун катчылыгына шайланган. 1991-жылдан тартып Бишкек шаарындагы №1 мектепте тарых мугалими, 1992-2000-жылдары директордун тарбия иштери боюнча орун басары болгон.
1995-жылы Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын катарына өткөн.
2002-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын тарбия секторунда жетектөөчү адис, ал эми 2003-2007-жылдары Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын тарбия секторун жетектеген.
2004-жылы КСДПнын өкүлдүгү боюнча Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланган.
2007-2010-жылдары IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.
2010-жылдын октябрь айында Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
Ирина Карамушкинанын Мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси чени бар (2013-ж.). Ошондой эле Ирина Карамушкина Кыргыз Республикасынын президентинин 2011-жылдын 28-февралындагы Жарлыгы аркылуу “Даңк” медалы жана Кыргыз Республикасынын президентинин 2011-жылдын 4-апрелиндеги Жарлыгы менен “Апрель элдик революциясынын баатыры” атайын төш белгиси менен сыйланган.
2016-жылдын октябрь айында КСДП фракциясынан Кыянбек Сатыбалдиевдин ордуна Жогорку Кеңештин 6-чакырылышындагы депутаты болгон.
 (62 жыл мурун)
 


Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо