12-август 2003-жылы Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттердин кезектеги аскердик машыгуусу соңуна чыккан. Аскердик машыгуу "Биргелешкен аракет-2003" деген ураан менен өтүп, анын биринчи этабы Казакстанда башталып, экинчи этабы Кытай мамлекетинде жыйынтыкталган. Машыгууга Коргоо министрлигинин Оперативдүү мобилизация башкармалыгынын жетекчиси З.Молдошев баштаган кыргызстандык аскерлер да катышкан. (22 жыл мурун)