p

27-июнь, 1944-жылы Аялдардан чыккан шахмат боюнча 1-Дүйнө чемпиону Вера Менчик каза болгон

Дүйнө
27-июнь  1944-жылы Аялдардан чыккан шахмат боюнча 1-Дүйнө чемпиону Вера Менчик Лондонго кол салуудан немис ракетасынан каза болгон.
Вера Менчик 1906-жылы 16-февралда Москвада төрөлгөн. 9 жашында шахмат ойногонду үйрөнгөн. 1921-жылы үй-бүлөсү менен Англияга көчүп, Гастин шахмат клубунун мүчөсү болгон. 1925-жылы Улуу Британиянын чемпионун, 1926-1927-жылдары Улуу Британиянын кыздар арасында өткөн ачык чемпиондугун уткан. 1927-жылы айымдар арасында Лондондо өткөн Дүйнө чемпиондугун жеңип, жашоосунун акырына чейин дүйнө чемпиону болгон.
Вера Менчик 1929-жылдан тартып мырзалардын турнирлерине катыша баштаган. Альберт Беккер Вера Менчиктен утулган мырзалардан турган "Вера Менчиктин клубун" негиздөөнү сунуштаган. Ал клубка алгач өзү Беккер мүчө болгон.
Вера Менчик каза болгондон кийин айымдар арасында өтүүчү Дүйнөлүк Шахмат олимпиадасын уткан командага берилүүчү кубогу Вера Менчиктин атынан коюлган.
 (81 жыл мурун)
 


Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо