p

12-август, 2000-жылы Орусиянын Баренцево деңизинде “Курск” атомдук суу астындагы кемеси кырсыкка учураган

Дүйнө
12-август  2000-жылы Орусиянын Баренцево деңизинде “Курск” атомдук суу астындагы кемеси кырсыкка кабылып, байланышка чыкпай калган. 14-августтан тарта куткаруу операциясы башталып, 22-августта суу астындагы кеменин экипажы толугу менен набыт болгонун кабарлаган. Ошол жылы 7-ноябрда каза болгондорду суу астынан алып чыгуу бүткөнү айтылып, жалпысынан 2001-жылы күзүндө 118 адамдын 115инин денеси чыгарылган. Кырсык боюнча иликтеген комиссия "кеме торпеданын жарылышынан келип чыкты" деген тыянак чыгарган. Расмий эмес маалыматтарга караганда, суу астындагы кеме чет элдик кеме менен кагылышып кеткен. Ошондой эле АКШнын суу астында калгандарды куткарбоо үчүн пара бергени айтылып келет. (25 жыл мурун)
 


Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо