p

12-август, 2015-жылы Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикке толук мүчө болгон

 
Кыргызстан
12-август  2015-жылы Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикке толук мүчө болгон. Кыргыз-Казак чек арасындагы бажы көзөмөлдөрүн алуу боюнча салтанаттуу иш-чарага Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев телекөпүрө аркылуу күбө болушкан. Бул күнү Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушу боюнча келишим күчүнө кирип, Кыргыз мамлекети эми Армения, Беларусь, Казакстан жана Орусиядай эле биримдиктин толук мүчөсү болгон. 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушу боюнча "жол картасы" иштелип чыккан. Анда өлкөнүн экономикасын ЕАЭБинин мыйзамдарына жана тажрыйбаларына шайкеш келтирүү аракеттери жүргөн. Өзгөчө бажы түзүмдөрүнүн объекттерин жаңылоо боюнча бир топ маселелер чечилген.
2014-жылдын 23-декабрында Евразиялык экономикалык кеңештин Жогорку жыйынында Кыргыз өлкөсүнүн ЕАЭБге кошулушу боюнча келишимге кол коюлган. 2015-жылдын 8-майында Кыргыз мамлекетинин биримдикке кирүүсү боюнча шарттарын жана өзгөчөлүктөрүн аныктай турчу эки протоколго ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчылары кол койгон.
 (10 жыл мурун)
 


Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо