p

4-февраль, 2011-жылы Иса Өмүркулов Бишкек шаарынын мэри болуп шайланган

Кыргызстан
4-февраль  2011-жылы 
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 4-февралдагы отурумунда апрель окуяларынан бери мэрдин милдетин аткарып келген Иса Өмүркулов жана вице-мэр Вячеслав Красиенконун талапкерлигин шаар мэринин кызматына көрсөтүшкөн. Бирок Красиенко Өмүркулов канааттандырарлык иштеп жатканын кабарлап, өз демилгеси менен шайлоого катышуудан баш тарткан. 
Натыйжада шаардык кеңештин депутаттары бир талапкер үчүн жашыруун добуш берип, 40 депутаттын ичинен 39 депутат Иса Өмүркуловду колдогон. Шаар башчысына шайлоо өткөрүү 2-февралдагы президент Роза Отунбаеванын буйругуна ылайык ишке ашкан.
 (14 жыл мурун)
 


Комментарийлер (0)

Tolik777
04.02.2020. 11:46 
0
Ушу киши тууралуу жазып убакыт короттунарбы?
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо