7-апрель 1954-жылы Кытай жана америкалык актёр, продюсер Жеки Чан Кытайдын Гонконг административдик районунда туулган.
Жекини апасы 12 ай көтөргөн соң гана операция жолу менен араң төрөгөн. Ошентип, 5 килограмм 400 грамм салмактагы бала жарык дүйнөгө келген. Жеки Чандын төрөлгөндө коюлган аты – Конг Санг Чан, которгондо “Гонконгдо төрөлгөн” деген мааниде. Кичинесинен кунг-фу искусствосуна кызыгып, тасмадагы карьерасын 8 жашында каскадёр катары баштаган. 1970-жылдардын ортосунан баштап чоң ролдорду аткарууга киришип, кийин өзү да тасма тарта баштаган. Бара-бара жалгыз өзү гана аткара ала турган жаңы киножанрды жаратат. Анткени Жеки Чан гана трюктар үчүн өз өмүрүн тобокелге сала алган.
Жеки – боевиктердин атактуу каарманы. Ал – акробатикалык-согуштук стиль менен комедиялык жанрды айкалыштырган атактуу азиялык актёр.
(72 жыл мурун)