Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо - 2021  

Дебат: Талапкерлер алдыда мамлекеттин өнүгүүсүн кандай элестете тургандарын айтып беришти

Бүгүн, 25-ноябрда КТРКда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун төртүнчү күндүк дебаттары өтүп жатат. Анда ППЕК партиясы алдыда мамлекеттин өнүгүүсүн кандай көрөсүңөр деген суроо салды.
"Улуттар биримдиги" партиясынын жообу: "Дүйнөлүк практикада эски жана жаңы деген система жок. Мамлекет деген бул машина эмес, айдап үйрөнүп көрөйүн деген. Мамлекетке практиктер, тажрыйбалуу адамдар керек. Көптөр айтат, парламентке келип үйрөнөм дейт. Бул кантип болсун. Жаштарга, шайлоочуларга кайрылам, мамлекет оюнчук эмес, үйрөнөм деген. Эл арасында билимдүү тажрыйбалуу адамдар көп".
"Эл үмүтү" партиясынын жообу: "Өнүгүү программада эмес, адамда. Биз тазаланышыбыз керек, болбосо өлкө өнүкпөйт. Силер дайыма жаштарга күнөө коюп келесиңер. Жаштар, билим алгыла, тажрыйба жок деп. Жаштарды дайым саясий окуяларда, шайлоолордо жана митингдерде колдонуп, ал эми депутаттыкка келгенде эле жаш болуп калабыз.
Урматтуу кыргыз элим, биз сиздерден суранабыз, биз тажадык, жолугууга барсак дагы тажаганыңарды айтып жатасыздар. Булар тажрыйба деп коюп, алдап келе жатышат. Мына Акаев ким эле, анчалык эч ким билимдүү эмес эле. Эмне болду?
Люстрация деп жатып эмне болдук. Жаштарды уурдап кетишти, аларды алдыга чыгарып, партиянын жүзү кылып бара жатышат. Сиз ошого добуш берем деп баягы шагырагандарды тандаган болосуңар".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
+996 779 47 39 39
 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00,
+996 779 47 39 39
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо