АКШ Венесуэладан 100 миллион долларлык алтын алды. Бул тууралуу АКШнын ички иштер министри Дуглас Бергам билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Буга чейин Axios порталы Вашингтон Венесуэланын жетекчилиги менен 1 тоннага чейин алтын куймаларын жеткирүү боюнча келишимге жетишкенин жазган.
7-мартта Американын президенти Дональд Трамп саммитте Делси Родригес башкарган Венесуэладагы жаңы өкмөттү расмий түрдө тааныганын билдирген.
Эскерте кетсек, Венесуэланын президенти Николас Мадурону АКШ кармап кеткенден бери өлкөнү Делси Родригес башкарууда, ал Мадуронун убактылуу вице-президенти болгон. Америкалык администрация Венесуэланы убактылуу башкаруу АКШнын колуна өтүшү мүмкүн экенин билдирген.





+996 779 47 39 39 












