Саясат  

Депутат Ирандагы жарылуулардан улам Кыргызстанда уулуу жамгыр жаашы мүмкүн экенин айтты (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Жакынкы Чыгыштагы жаңжал Борбордук Азия өлкөлөрүнө да экологиялык таасир тийгизиши мүмкүн экенин билдирди.

Анын айтымында, Израил Ирандагы мунайды кайра иштетүүчү заводдорго сокку ургандан кийин абага зыяндуу химиялык заттар тараган. Депутат бул заттар атмосфера аркылуу тарап, өлкө аймагына зыяндуу же кислоталык жамгыр түрүндө түшүшү мүмкүн деген кооптонуу бар экенин айтты.

"Бул процессти мониторинг кылып карай аласыздарбы? Кайсы облуска кислоталык жамгыр түшүшү мүмкүн? Техникалык жактан кароо мүмкүнчүлүгү барбы?",- деди эл өкүлү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова Гидрометеорология кызматы абанын абалына атайын станциялар аркылуу туруктуу мониторинг жүргүзө тургандыгын билдирди.

Депутат Ирандагы жарылуулардан кийин Кыргызстанда кислоталуу жаан жаашы мүмкүн экенин айтты

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
+996 779 47 39 39
 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00,
+996 779 47 39 39
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо