Кенже Дүйшеева "Алма гүлү"
Жанр:Эстрада
00:04:59
75,77 Мб
Жүктөлгөн: 11-08-2008


Сөзү:Ф. Асанкалый кызыныкы
Обону:А. Мамадалиевдики

Алма гүлүн ачкан кезде
Апа сизден айрылгам
Арман толо көз жаш менен
Ыйлап, ыйлап кайгыргам
Айтып бүткүс кайталангыс
Мээримиңден ажырап
Азаптардын деңизине
Чөгүп кеткем кайгымдан

Кайырма:
Алма гүлү, алма гүлү ай азапка саласың
Алма гүлү, алма гүлү арман бойдон каласың
Алма гүлү, алма гүлү ай азапка саласың
Алма гүлү, алма гүлү арман бойдон каласың

Алма гүлүн төккөн кезде
Ата сизден айрылгам
Ак булутка жетээримде
Канатымдан кайрылгам
Аталап ай кыйкырганым
Укпай уктап жатканда
Алоолонуп, алоолонуп
Күйүп кеткем кайгымдан

Алма гүлүн ачкан сайын
Өзүңөрдү эстеймин
Асылдарым экөөңөргө
Эркелөөнү эңсеймин
Ак тилектер силер айткан
Мага ыйык аманат
Аягына чыкмайынча
Бул өмүрдөн кетпеймин
  • Currently 4.78/5
(9 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (36)

12.08.2008. 12:39
 nevidimkaya
Бул клиби жакшы чынын айтканда. маанисине жараша клиптин сюжети топ келет экен.Анан да ырга жараша мимикалары да коргон адамды жон койбойт...
14.08.2008. 06:37
 МээримКа
песня хорошая,а про клип ничего не могу сказать!
14.08.2008. 20:00
 jazka
oo Kenje ejeke ynynyzgo baa berem!
14.08.2008. 20:06
 narnianboy
Muzyka super! Kenje krasssavitsa...
Rahmat Супер!Info !
15.08.2008. 14:19
 ШАКИРАвание
Эн жакшы ыр!!! Мен бул ырды абдан жакшы кором!
18.08.2008. 09:46
 bakulj
Голос шикарный:)
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: