Добр "Кыргыз кызы"
03:58
3,65 Мб
Жүктөлгөн: 18-12-2009
Сөзү:Добрдуку
Обону:Добрдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.70/5
(10 добуш)
Теңелгис жүздөн бири, ичинде жок кири,
Бал сымал таттуу ширин ар бир сөзүнүн бири.
Чагылган күндүн нуру чырайы жүзү сулуу,
Карагат көздөрүн жуумп ,ыймандуу Кудай кулу.
Тандаган тура жолун келечегине умтулган,
Акылы, эси жогору, чырайлуу жүздүү созулган.
Баарына бирдей мамиле жакшы-жаманын чанбаган,
Элине ыйман тилеген, ата-энесин сыйлаган.
Сыйынып Кудай деген жүрөгү менен ишенген,
Сыйы, урматы кенен улууну сиз деген.
Улуунун сөзүн уккан кичүүгө насаат берген,
Колун бетине жумган, бата алууну билген.
Баарына шүгүр караган, ач көзщдүгү жок адам,
Боорукерлигин аябаган, кечирим сурай алган.
Келбетиндей жүрөгү сулуу, ыймандуу кыздардан,
Бул кыз кырк чачы улуу кыздары кыргыздардын.

Кайырма:
Ыймандуу кыз, улуту кыргыз,
Ыйык жүзүнөн өчпөсүн жылдыз.
Мээримдүү кыз, улуту кыргыз,
Чырай жүзүнөн кетпесин жылдыз.

Жаратылыштын Кудай берген өзүнүн жүзү,
Жарашкан жүзүн булгабайт боёксуз чырай жүздүү.
Чаң жугузбайт өзүнө таза калпы жок сөзүндө,
Ыймандуулугу төрүнөн көрүнүп турат көзүнөн.
Жалкоолугу жок адам талыкпай эмгектенген,
Ата-энесинен алган тарбиясына бекем.
Мына эми азыр ар бир жигиттин оюнда,
Ыймандуу, таза кызга үйлөнгүм келет жолукса.
Кыргыздын кызы бузулбайт, каалабайм бузулушун,
Жаман жолго азгырылбайт ишенем бекем турушун.
Кармаган намысы бекем намыстуу билем ишенем,
Жаман нерседен чекеде тамеки чегип ичпеген.
Кудайым өзү колдосун чырайлуу кыргыз кыздарын,
Бузулгандары оңолсун, шайтандан алыстаткын.
Ичине ыйман кирип, акылы жогоруласын,
Кыргыз кызынын ар бири биз үчүн кымбат азыр.

Комментарийлер (33)

18.12.2009. 14:05
 Айдарбеков
Жакшы, ийгилик сага НУКУРА КЫРГЫЗ БАЛА ДОБР..
18.12.2009. 17:37
 Maxlan
Жакшы, Эн Жакшы, Добр анча жакчу эмес еле, бул ырын менен жаны куорман таптын десем жанылышпайм го.
19.12.2009. 01:13
 Elboto
Soonun Taasirduu Ir eken ...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо