Гүлнур Сатылганова "Жолукпай калсаң эгер"
Жанр:Ретро
00:03:26
52,98 Мб
Жүктөлгөн: 18-12-2009


Сөзү:З.Мукашевдики
Обону:Р.Бейшеналиеваныкы

Жолукпай калсаң эгер,
Сендейди табар белем?
Жан дүйнөм толот беле?
Өзүмө суроо берем.
Кезикпей калсаң эгер,
Бактымды табар белем?
Жомогуң болбойт эле,
Дегенде муздайт денем.

Эң таттуу күндөр өткөн,
Көл жээкте бирге болгом.
Сыйкырын сезет белем,
Жолукпай калган болсом.
Жаркыган айлуу түндө,
Таңдардын аппак аткан.
Сырын ким мага ачмак?
Калсаң сен жолукпастан.

Ырларым сага арнаган,
Кас туруп басат беле?
Сырларым ичке каткан,
Мен кимге айтар элем?
Тагдырга ыраазымын,
Өзүңө жолуктурган.
Өмүргө азык болгон,
Сезимге толуп турам.
  • Currently 5.00/5
(10 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (103)

10.03.2010. 13:07
 patryot
эжебиз дайыма алдыда... сссупер клип!!!
12.03.2010. 11:33
 Lana Osmon
Чын эле укмуштай ыр экен. Честно признаюсь, редко встречаешь такие красивые песни с глубоким смыслом. Это талант госпожа Р. Бейшеналиева, и господин З.Мукашев. Браво!!!!
13.03.2010. 10:48
 janim
Гулнур эже чынында клип эн жакшы болбосо да жакшы деген баага татыптыр!!!Дагы да био нерсе жетишпегенсийт мумкун дагы ойлонуп коросуз?
13.03.2010. 15:01
 Девушка невидимка
Клип менен ыр дал келиптир. Гулнур эженин ырларынын баары маанилуу.Мага ушул ыры аябай жакты, клипи дагы сонун. Всё супер!
13.03.2010. 18:44
 FIANIT
Сонун клип!
Гульнур эже азаматсыз!
Мен сиз менен сыймыктанам!
Сиз ырдаган ырларды суйуп угам!
Эх, сиз менен дуэт ырдасам ээ!?
Иштеринизге албан-албан ийгилик!
18.03.2010. 21:08
 janim
Чынында жакшы клип болуптур!!!Талыкпастан иштей бериниз.Биз сизге ийгилик каалайбыз.
23.03.2010. 15:44
 andormeda
Мына керемет ыр...!!!! Ырдын созун жазган корунуктуу инсаныбыз Замирбек Мукашев агага рахмат...созу, обону жана клиби бири-бирине шайкеш келген жана Гулнур эже жараштыра ырдап койгон...сооооонун + 1000000
26.03.2010. 11:12
 Aijanka sweet
Кандай кана керемет!Кайра-кайра уккун келет!
14.04.2010. 08:49
 Aslana
Клип корктуу болгону менен ото фантастика болуп калыптыр, мисалы булуттарда селкинчек тээп...
14.04.2010. 16:40
 edu
jakshy yr, en sonun!
20.04.2010. 11:49
 Marat Musabaev
А бул эжекебизге соз жок
Гулнур эжеке я за вас
23.04.2010. 09:31
 Шаиста Шатманова
Эртен менен ушул ырды угуп кунду баштасанар, кунунор ушунчалык жарык маанайда отот. Всем рекомендую!
03.05.2010. 21:36
 Комментатор Ноггано
Ыр менен клип Супер болуптур.А ким жакпады десе, ал адам Суйуу эмне экенин билбейт экен...
05.05.2010. 16:32
 teodorrrr
Сиз суперсиз
05.05.2010. 17:42
 honey
Чынын айтыш керек Кыргыздарда ырчылардан эн кыйындары Гулнур Сатылганова, Роза Аманова эжелердин ундору уккулукту жана таза. А, калгандары эптеп эле тыляп-ляп. Ту-ту коз тийбесин ал эжелерге.
12.05.2010. 10:23
 venchik
Ыр жакшы дечи.Бирок Гүлнур эженин селкинчектегиси жасалма экени билинип калган.Берки эки жаштыкындай боллбой калган.Ошол жерин клип тарткан адам жакшы иштеп иштеп чыкса болмок экен.
18.05.2010. 21:16
 ayza
Ырынын текстине,клипине,озуно соз жок!Ийгилигиниз арта берсин!!!
19.05.2010. 08:43
 ХАНЗАДА
Ыры жакшы, бирок Гулнур эже дайыма эле пианинодо отуруп эле тартыла бергени жакпайт
20.05.2010. 14:39
 meerimka
Сёёёнун ыр, эженин да уну керемет. Примадонналык анык татыктуу эже...
23.05.2010. 21:59
 Persik
Гулнур Сатылганова ырларынызга, талантынызга соз жок...Бул ырдын мааниси да, оранжировкасы да ото жогорку денгээлде,клип да мыкты.Талантыныз арта берсин, сизден дагы жаны шедеврлерди кутобуз.Я ВАС ЛЮБЛЮ...
25.05.2010. 01:53
 Maya
Klip sonun boluptur!
26.05.2010. 10:34
 Jiza
Chygarmachylygynyzdy baalaybyz,,birok jyldyz oorusunan aysyraak ele bolsonuz sonun bolmok!
26.05.2010. 17:48
 Бродяга
Браво Гүлнур эже. Ырчы деген ушундай ырдашг керек...
26.05.2010. 19:38
 насыйкат
Гулнур Сатылганова кыргыз эли учун эн балуу жана тугонбос кенч. Ар бир ыры журоктон терен орун алат. Бут кыргыз эли талантынызга таазим кылат!!!
27.05.2010. 19:01
 egenberdi
gulnur ejebiz abdan jakshu urdait uigilik kkaaaaalllaaaiibbbuuuzzzzz!!!!!!!!!!!!!!!!!!
31.05.2010. 07:06
 Eldarahunbaev
Gulnur Ejeke kozdon jash agip kettigo!!! Gulnur eje I LOVE YOU !!!!!!!!
31.05.2010. 11:26
 silkusia
Клип, ыр сонун болуптур
01.06.2010. 02:59
 Eldarahunbaev
Gulnur Eje suyom sizdi !!!!!!!
02.06.2010. 09:58
 kingu
Клипти реалдуураак тартса болмок.Ашыкча фантастика болуп кеткен.Бирок унуно соз жок!
08.06.2010. 17:22
 AIZAJANKA
Кыргыздын примадоннасы десем жанылышпайм. Ыр, клип дагы супер. Негизи Гульнур эже туш келген ырларды ырдай бербейт.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: