Мирбек Атабеков "Сүйүүм сакталат"
03:32
8,09 Мб
Жүктөлгөн: 06-12-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Мирбек Атабековдуку
Обону:Мирбек Атабековдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(7 добуш)
Билемин сүйүүм сага түбөлүккө сакталат,
Жашоонун жарык нуру бир өзүңө арналат.
Сүйүүмдүн ачылбаган барактары өзүң менен го,
Жазгы таңдан нур төктүң го,
Жан дүйнөмдү гүлдөттүң ай, ай,
Асманда толуп турган айдай,
Агарып жаркыраган таңдай,
Түбөлүк жүрчү мени жандай,
Жаныңда болуу бакыт кандай,
Өзүңдү сүйө берем танбай,
Өмүрдү жалгыз сага арнай.

Сен десем сезимимде канат байлап уча алам,
Сезилет бир өзүңдөн жаралгандай бүт аалам.
Гүлүмдүн жыпар чачып жаңы ачканы өзүң элең го,
Жазгы таңдай нур төктүң го,
Жаныңан гүлдөттүң ай, ай,
Асманда толуп турган айдай,
Агарып жаркыраган таңдай,
Түбөлүк жүрчү мени жандай,
Жаныңда болуу - бакыт кандай,
Өзүңдү сүйө берем танбай,
Өмүрдү жалгыз сага арнай.

Комментарийлер (62)

06.12.2013. 18:52
 Texas
красавчик Мирбек
06.12.2013. 20:36
 Kumush_94
ким не дейт билбейм мага аявай жакты +1000 а +5 отдыхает))))
06.12.2013. 20:52
 Real_Madrid95
Номер 1 бул Мирбек.
08.12.2013 02:53
wwwwalmaz
Real_Madrid95, кайдагын айтпа
06.12.2013. 22:50
 miss2014
тузук эле
07.12.2013. 01:38
 PATRIOT-98
number one eto ll'yaz abdrazakov!!!
07.12.2013. 02:02
 jigitaly
Укса болот 1 2и жолу
07.12.2013. 04:55
 bekbolot929312
N1 Ильяз Абдразаков!
07.12.2013. 06:35
 kama_future_millioner
Жакшы болот
07.12.2013. 07:40
 Real_Madrid95
Ильяздын үнү жок. Жандуу ырдаганын көп эле жолу көргөм, үнү жок бала кантип номер 1 болот?
07.12.2013 10:29
erko77
Real_Madrid95, Мисалы учун Россия федерациясынын .."дача"атуу радиосунда...Ильяздын Жаным ай...деген ырын койот кунуго...
Комментарийлерди жашыруу
07.12.2013 12:44
Real_Madrid95
erko77, анын ырын радиодон койбойт деген жокмун, болгону гана үнү жок экендигин айтып жатам.
07.12.2013 13:14
erko77
Real_Madrid95, Уну эмес азыр..ырдын жагымдуулугу...биринчи эске алынат
07.12.2013 17:37
baha92
erko77, axa tuura aitasyn birok il'yazdyn unu oto jakwy koro albagandar jaman dey beret ilyaz abdyrazakov nomer ««1»»
07.12.2013 19:09
Real_Madrid95
erko77, ырчыга биринчи үн керек.
07.12.2013 19:39
erko77
Real_Madrid95, Андайды азыр анча угушпайт...Азыр ырын суйуп угуш..а унун эмес
24.02.2014 19:18
NBAA
Real_Madrid95, Uwu Iliazdyn yrlaryn sen ele uk4u ailaiyn bul jerge ponika kylbai jawai ber uk yrlaryn al sen u4un nomer 1))) A JALPY kYRGYZ ELI UCHUN atabekov NOMER 1111111111111111111
24.02.2014 20:39
erko77
NBAA, Мирбек Атабеков сен учун,,,номер биринчи,,,,,,,,,Ильяз ал Ильяз
07.12.2013. 10:02
 masr88aza
Сонун ыр экен! Азаматсын Мирбек!
07.12.2013. 20:22
 omurbek9393
Жакшы ыр.
07.12.2013. 20:56
 turatbek-92
Созу аябай жакты
07.12.2013. 21:51
 nlo92
Катуу сагындым.) Шахзода м-н ырдаган ырын да жуктоп койунуздарчы! Мирбек Атабековтун ишине ийгилик! Жаны-жаны ырларды жарата бер. Атын жана ырын кылымдардарга сакталсын!
09.12.2013 09:50
admin_media
nlo92, http://www.super.kg/media/useraudio/104343/ ушул шилтеме менен кирип уксаңыз болот.
07.12.2013. 23:37
 nurai92
Коптон бери мындай ырды уга элек элем.
08.12.2013. 01:30
 kuba-kg
Uksa bolot eken..
08.12.2013. 01:55
 kuba.kg
ильяз эмнеге жылдын суперлерине катышпай калды уй булоолу болгондон кийин эле супер болбой калабы
08.12.2013 14:35
erko77
kuba.kg, Ильяз жылдын суперлерине катышканы менен..ага калыстар бут тосуу жаратып..эмгегин баалабай жатат...
08.12.2013. 10:50
 Rinatik94
Ильяз номер биринчи да.
08.12.2013. 11:18
 Real_Madrid95
Заманыбыздын Супер ырчысы деген наам Мирбек Атабековдо бар болуш керек эле же ала элекпи?
08.12.2013 17:26
erko77
Real_Madrid95, продюсеринин жардамыда адганго
09.12.2013. 09:49
 admin_media
drakonchik,
Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат!
Сизге эскертүү!
09.12.2013. 15:33
 salamnurik
Мирбек азаматсын!
11.12.2013. 03:21
 belosnejka1
Мирбектин уну сонун да
26.12.2013. 22:25
 Kozer
Ильязга эчкимиси жетпейт жон олтургула
28.12.2013. 00:45
 MiRLan007
мирбектин ырларда маани жок озу жазган бир да ыры жок болсо керек
23.01.2014. 05:09
 Prosto-Anjelina
Эгер Ильяз номер 1 болгондо ушул убакка чейин алат эле 3 жолу сыйлыкты супер инфо берген. Мирбек Атабеков Номер 1 болгону учун алдыда 3 жыл катары мн сыйлыкты. Так что талашпагыла баарибир Мирбек 1 экендиги аттын кашкасындай эле маалым да...
02.02.2014. 22:14
 jumabek2015
jon ele kara-chyiyrchyk bolupturgo
23.02.2014. 21:34
 jazka-jaz77
Соонун уккулуктуу ыр болуптур.
13.03.2014. 22:01
 angelo4ka_96
Вооообщеее суппер
14.03.2014. 20:43
 kipchak
Soz jok. Mykty yr.
24.04.2014. 09:42
 85murat
mirbek men seni koldoim klasss!
08.06.2014. 18:45
 akzuura
Ийгилик жакшы ыр экен маршруте адан угуп анан бул жактан издеп таптттым рахмат сага ущул чыгарма учун!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо