Анжелика "Сагыныч"
Жанр:Поп
00:03:22
43,74 Мб
Жүктөлгөн: 09-12-2013


Сансыз күндөр закымдап өттү сызып,
Сага деген сезимдер алып учуп.
Махабаттан буюрган энчибиздей,
Сагынычта жүрөбүз сагынышып.

Кайырма:
Мен эч кимди мынчалык сагынбагам,
Мен эч кимге жалбарып жагынбагам.
Күтүп жатып күл болуп сапырылып,
Жолукканда от болдук жалындаган.

Сагынычым таркабай улам ашып,
Түшүмдөн да чочуймун уктап жатып.
Өзүңдөн аян алып жатканымды,
Негедир эстей берем санаа басып.

Кайырма:

Жүрөк дегдеп, умтулуп, жаным ысып,
Сагындырып, сагынып, сагынышып,
Бул жарыкта кайгыны унутуп салып,
Махабатка жашайбыз табынышып.

Кайырма:
  • Currently 4.33/5
(52 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (146)

10.12.2013. 21:32
 Роза Шакирова
соонун клип болуптур.Анжелика чынында татынакай кыз
12.12.2013 07:58
Debi
-roza785, ооба десеңиз, клиптин көркүн өзү ачыптыр.
10.12.2013. 21:35
 sanzhar83

youngyoung мен дагы маникюрын жон койсо болмок дедим эле
10.12.2013. 21:36
 NADUW
каратдагы эле клиптрден экен! эч кандай озгочолук коро албадым! Анжеликаны тартабербей образ жаратып жаккандардын кызыктуу окуясын кобуроок тартпаптыр!
10.12.2013. 22:24
 valina
Айчурок эжеге рахмат айтсын, а так бул ун менен кайдагы звезда,озунчо ле звездонулась,кыйын болбой орусиядан коргозбойсунбу талантынды,озунду орусча суйлоп, же жарашсачы, акценти кулакка шак угулат
11.12.2013 00:10
MiSSi_SiPi
valina, pri4em tut ai4urok? keptin baary, klip jonundo bolup jatat. klipti talkuulanyz, jeke ozuno asylbai!
12.12.2013 07:59
Debi
MiSSi_SiPi,тим кой, кыйналып жаткан байкушту
15.12.2013 02:53
aika.0692
valina, таланттын чымыны болгон учун алгандыр Айчурок еже деле!клипке келсек жакшы еле,анча мынча каталарды есепке албаганда.
11.12.2013. 00:04
 MiSSi_SiPi
klip emes beken. bali!
11.12.2013. 01:07
 Alina_Kanazarova
Elder po suti dela jazsanar! Eptep ele Aychurok ejeni kipchip Anjelikani jamanday berbey, Kudaydan dagy korkush kerek da! Korunbosonor ele boldu dep jaza beresinerbi!? klip soonun boluptur!
12.12.2013 08:00
Debi
Alina_Kanazarova, ошону айтсаң, Айчүрөктүн эле арманы арылбай койду
11.12.2013. 02:13
 Tamiris
Не очень!!
11.12.2013. 03:23
 chikago
Сопсонун ыр,бирок клиптин мааниси анча окшошпой калган кичине бала 4ко чыккычакты атасы кай жерде журду десен?бир дагы кабар албай уй булосунон..жок дегенде согушта жарадар болуп 4 жылдан кийин айыгып дегендей кайтып келсе дагы клип туура болобу эле дейм да...
11.12.2013. 03:34
 chikago
Анжелика аты затына жарашкан айым...Азаматсын, ийгилик !!!!
11.12.2013. 04:50
 bebek
Anjelikanyn baw kiyimi Ai4uroktun stilinen go, ee ne bolso da kyzy da ;)
11.12.2013. 09:07
 Kumush_94
Эрнист Сыдыков клипти клип кылган он СУПЕР!!! АНЖЕЛИКА тож,,,,
11.12.2013. 09:41
 Asus84
ме сага сонун клип болуптур кыздын кийимдерине соз жок озу да суп сулуу молодец ийгилик
11.12.2013. 09:44
 mira76
Баары ошондон башталып жатпайбы жылдызды жылдыз кылган при мадонна супер Айчурек эже да Анжелика ошого рахмат десин ал болбосо ким болот эле ал
11.12.2013 20:00
guziko
mira76, рахмааат Айчурок эжеееее деп ырдасынбы эй?кудай билет ким болмок же сен билесинби?Ата-энесинин алтындай кызы болуп эле сонун жерде озунун подругаларындай болуп чон кызматта иштемек!!!Же Балким ырчы болмок,Айчурок менен журбосо да Же Динара Акулова менен,же Гульнур Сатылганова (примадонна) менен чыкмак!
15.12.2013 02:59
aika.0692
guziko, браво!!!!ак соз болду'кошуламын создоруно.ушу елдер да кызык,чымындан пилжасашып.айтса айтып аткандыр ракматын,еми аны елге реклама кылып ар ырында ырдаш керекпи.кызык...
11.12.2013 21:57
Debi
mira76, примадона деп озун атап албаса Айчурок эжебиз кадыр-барктуураак болмок.
12.12.2013 13:35
chikago
mira76, Анжеликанын бул аракетинен болуш керек,Айчурок эжесиз деле бутуна туруп кеткидей бул кыз с5беби: кудай ушундай сулуулукту назиктикти аябаган по любому бул кыздан бир нерсе чыкмак,а Айчурок эжеден бир гана белекке калганы артистизмден башка эч нерсе жок..:-)Азаматсын,Анжелика ( кээде ушул кызга коз тийбесе экен деп чочулай берем эмнегедир)..Кыргызга кыргыз куйбосо ким куйот ошо болуш керек:-)
11.12.2013. 20:34
 mirrow
Super Info, emnege menin kaltyrgan komentariim jok bul jerde. Jaman nerse dele jazbadym ele go...
12.12.2013 10:05
admin_media
mirrow,
Саламатсызбы! Бар, ал билдирүүңүз башка бетте :)
11.12.2013. 22:01
 Debi
Клиптеги Анжеликанын образы абдан жакты, чач жасалгасы, көйнөктөрү эң сонун болуптур! Ырды да сонун аткарыптыр, азамат, дагы жакшы чыгармаларды күтөбүз!
12.12.2013 00:47
jankou95
Debi, мага дагы анжеликанын костюмдары жакты ушунтип кыргыз койнокторун кийип алса соонун болуп калат экенго, акырында бала келгенде мен да суйунуп кеттим козумо жаш элып демек клип жеткиликтуу болгон азаматсыз анжелика
11.12.2013. 22:14
 Ladykg
Уй-булоолук бюджеттин 70% Анжелика табат деп,жатышпады беле ошого жараша каражатын аябай эле качественный клип тартырса болмок экен.Клип эптемей саны эмес коптугу м/н эмес сапатына конул бурса болмок.
12.12.2013. 20:35
 aksa
Каяктагы маникюрду айтасынар кийимдери деле ал убактагы эмес келин кийиминен башкасы.
12.12.2013. 22:53
 Violet
мен ыйладым
13.12.2013. 03:13
 ASALARI
аябай сонун иштешиптир кийимдери да стилдуу сонун екен дегеле кыргызымдын кыздары карагылачы тим еле тамшандырат. АНЖЕЛИКА ийгилик алга дагы алга жаман сын создорго конул бурба ыр уккулуктуу сонун соз жок ырлырына ошондой еле клиптерине жанада уй булоно коз тийбесин
13.12.2013. 19:22
 missnelya
admin,а где мой комент?Или что, цензуру не прошла?
14.12.2013 15:23
admin_media
missnelya,
Саламатсызбы! Биринчи жакшылап карасаңыз башка беттерди, 3 бет болуп турат билдирүүлөр!
14.12.2013 19:56
missnelya
admin_media, караган жок дейсинерби?Карап таппай анан жаздым.
16.12.2013 11:42
admin_media
missnelya,
http://www.super.kg/media/audio/98557/ аудиосуна жазган экенсиз
13.12.2013. 21:48
 ASSA_89
tywyngon jokmyn emne armiaga barganda emne 4 jilga barabu?
27.02.2014 11:10
peri05
ASSA_89, ооба менда ошону айтайын деп жаткам армия эмес ал деген баткенде журот почти 5жылда кайтты....Тан калыштуу...Кантсе да Айчуроктун кызы бут окшош даагы 4,5жылда Айчурок Иманалиева болотда калат
14.12.2013. 00:19
 Meliana
14.12.2013. 01:16
 orxidea10
тушунбодум эмнеге Анжеликаны жамандаган коментарийлерге жалан + а жакты дегендерге неге -.не реално Анжеликанын коро албаган адамдар ушунчалык коп экенине там бердим.
14.12.2013. 21:30
 gulbana
Ушу Айчурок эжени кошпогулачы!!! Айчурок эже жок эле эки эсе осуп онуп келатат!!! сулуу он десе ону бар бардык жагынан топ келишет Анжелика!!! жакпаса эмне анан окуйсунар кызыгып? )))))))
14.12.2013. 21:31
 gulbana
Анжелика жакпаса клипти эмне себептен коруп ичинер куйуп жазып жатасынар да
15.12.2013. 03:57
 Mariyana
Анжелика атына заты жарашкан назик,сулуу айым.сонун клип,жакшы ыр!коро албагандар копкоо менин оюм боюча жакшы деп коментарий жазгандарга минус коюп салышыптыр,бул кылганынар туура эмес,жакпаса жакпады деп коментарий жазгыла же болбосо корбогуло.Анжелика сага чыгармачылык ийгилик!
15.12.2013. 22:32
 КОЛЮЧКА
Негедир мага ыр жакты))
16.12.2013. 18:44
 aygesha
Кубаттын озунун девушкасыго()())
17.12.2013. 17:00
 aura2013
Ыры жакты сонун чыгыптыр
19.12.2013. 10:56
 admin_media
atambai,
Сизге скертүү!
Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: