Анжелика "Сагыныч"
Жанр:Поп
00:03:22
43,74 Мб
Жүктөлгөн: 09-12-2013


Сансыз күндөр закымдап өттү сызып,
Сага деген сезимдер алып учуп.
Махабаттан буюрган энчибиздей,
Сагынычта жүрөбүз сагынышып.

Кайырма:
Мен эч кимди мынчалык сагынбагам,
Мен эч кимге жалбарып жагынбагам.
Күтүп жатып күл болуп сапырылып,
Жолукканда от болдук жалындаган.

Сагынычым таркабай улам ашып,
Түшүмдөн да чочуймун уктап жатып.
Өзүңдөн аян алып жатканымды,
Негедир эстей берем санаа басып.

Кайырма:

Жүрөк дегдеп, умтулуп, жаным ысып,
Сагындырып, сагынып, сагынышып,
Бул жарыкта кайгыны унутуп салып,
Махабатка жашайбыз табынышып.

Кайырма:
  • Currently 4.33/5
(52 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (146)

09.12.2013. 17:58
 alikeeva03
Мага жактыыыы
09.12.2013. 18:09
 Zhyldyz123456
Jakshu klip bolyptyr,
09.12.2013. 18:30
 janka_96
Абдан жакшы клип болуптур.
09.12.2013. 18:34
 Aijolina
Кыз айябай соонун аткарыптыр ролун. Кечке кызды карай берип анжеликагада консул бурбаптырмын.
09.12.2013. 18:43
 bosmos7
Жакшы ыр, жакшы тасма болуптур! Чыгармачылыкка ийгиликтер!
Бир гана откондо берген маекги конулду калтырган эле чыны! Озу Эне тилде ырдап Кыргыз Элине таанылып анан балдарын башка нукта тарбиялап суйлоткону!Эне тилде остурууго аракет кылгыла! Анткени алардын Мекени Кыргызстан жана уну укулуктуу сулуу апасы Кыргыз кызы жана Атасы Кыргыз! Кыргыз уул кызынын уул кыздары Эне тилди огойлобошу керек! Рахмат!
09.12.2013. 19:09
 Lili
ундон кабар жок, клиптеги кыз татынакай экен
09.12.2013. 19:32
 Bagirra
клиптин даамын эми таттым окшойт, азаматсын Анжелика,
Баары тең абдан мыкты аткарыптыр.
Акыркы кезде Жоокер жигиттерди чагылдырган клип же кино жокко эсе!
09.12.2013. 19:51
 KG_URPAGI
Анжеликка азаматсын! Соонун клип тартылыптыр. Жоокерге аттанып мекени учун жанын берген мекенчилдер бар болсун! Элдин келечеги учун курман болгон "Баткен коогаланы" учурунда террорчулардан курман болгон азаматтардын жайы жаннаттан болсун. Кыргызстанды суйгондой мекенибизде жашаган бардык адамдарды да суйо билгиле! Эч себепсиз эле бири-биринерди жаман коргон макурттардан болбогула! Мекенди коргоо жана ага кызмат кылуу ар тараптуу аткарылат.
09.12.2013. 20:33
 suimon2010
Клип да ыр да соонун!А Анжелика Айчурок эженин озззу
10.12.2013 14:59
zaika_84
suimon2010, Айчурокко тенебе,ага окшошпой калсын.
09.12.2013. 20:47
 damira19
азаматсын ишине ийгилик уйбулоно бакыт каалаймын!
09.12.2013. 20:58
 Ulik82
Балам эсиме тушуп эркек болсомда ыйлагым келип кетти)))
10.12.2013 15:00
zaika_84
Ulik82, туура айтасын,мен да баламы эстеп коздон тамчылап кетти.
09.12.2013. 21:51
 4aidai
Айчурок эженин тырмагына да тен келбейт. Шыбырап эле ырдайт. Ага тенебей эле коелучу.
09.12.2013. 22:18
 Alicia
Клиптеги кыздын маникюру айыл шартында кечке уй тирилиги менен алектенген келиндердин жашоосуна дал келбей калыптырб анан айылдагы уйлорду тартат десе эле эн эски уйлорду тартышат да азыр мындай эски уйлор чамда го?
10.12.2013 13:48
periwtem
Alicia, кечиресиз бул клипти 1998 жылдагы кундорду тартып жатпайбы
10.12.2013 16:24
Alicia
periwtem, a emnege imenno 1998?
10.12.2013 14:29
bosmos7
Alicia, Тасманы тартат десе эле бети коо койногу мокочо болуш керекпи? Силер кайсы мамлекетте осуп чонойдунар билбедим??? Кыргызстанда ушундай уйлор бар дагы да жашайбыз! Калп эле башкача боло беребечи! Сураныч!
10.12.2013 16:23
Alicia
bosmos7, men aiyldagylardy beti koo degenim jok tyrmaktyn boegun kichine ach kyzyl,(biroosundo sovsem french) kylbastan skromnyiraak svet tandasa bolmok anan kliptegi ui oto ele eski maga kandai bolgondu aitpai ele koichu ar kim ozunun oiun aitkanga akysy bar bul jerde jakpasa sen da ozungdun oiungdu jazsang bolot
10.12.2013 17:26
bosmos7
Alicia, Менин Силерге Кыздын боенгонун билбейм го! Бирок ушундай уйлордо осуп чонойуп Мекенге кызмат кылуудабыз.Америкада же Европадагы уйлор эмес! Кыргызстандагы чакан айылдарда бар Менин уйум дагы ушундай эле карапайым.Кайдан асмандан тушуп калдын билбедим чыны!
10.12.2013 20:45
Alicia
bosmos7, myndai uido jashaganga ech kandai karshylygym jok men da ushundai uido chongoigom birok azyr zaman bashka da murdagydan azyr koop nerseler ozgorgon bilinbegeni mn ayildagy jashoo da kyila ozgorgon klipte aiyldagy jashoonun dele judotpoi jakshynakai kylyp korsotso bolot da? ldin baary ele ekoobuzgo okshop aiylda myndai uilordu korup chongoigon emes da?
11.12.2013 00:01
bosmos7
Alicia, Кыжаалаатта болбонуз ! Мекенибиз Кыргызстан!Менмин деген Кыргыз менен мелдеше алам!Чон Атасы,атасы саман уйдо эле чонойгон! Анткени кышы жылуу,жайы салкын! Жонокойлук бул жакшы нерсе аны ото коркомдоп жасалма кылып жасасак! Ал баары бир окшошпойт.Андан коро жашоону аз да боек берип.Бирок жашоонуу чагылдыруу тасмада жаны бир ойду чагылдыруу ырдын маанисине карай.
10.12.2013 16:29
bishkek.kg
bosmos7, эн ттуураа
09.12.2013. 22:32
 umutai.86kg
адамды ыйлатыго я акырында
09.12.2013. 22:40
 Jamalym
Куба девушкасы менен аткарыптыр да,жакшы жарашып калышыптыр.
09.12.2013. 23:07
 Altuna
клип просто класс. а Анжелика как всегда занимается самолюбованием.
09.12.2013. 23:26
 vika12345
сонун клип экен
09.12.2013. 23:51
 guziko
Кыш...анан куз...сонун!!!Ыр укмуш экен!!!Чынында кыйкыра берген ырчыдан башын ооруйт,а сиз аткарган ырлар журокко сразу кирет.Своим спокойствием,Волнующий красивый ,сладкий голос!!!!!кичине бала сонункен!!!
10.12.2013. 00:10
 elmira93
тамашоудогу бала го
10.12.2013. 00:10
 rs7777777
анжелика акчанын байлыктын кулу болгондугунан улам кимдир бироонун курмандыгына айланып айласыз жашоосуна туура келген,болбосо мындай ырчылар эрге шашылышпай эле ырдап журушот, анжеликанын ырдаган ырлары баары баш аягы жок маанисиз тушунуксуз кайгыны элестетет
18.12.2014 13:48
iskra77
rs7777777, саны коп сапаты жок дегендей. Озу деле окуп намыстанбайбы. Акчам бар деп эле клип тарткандан коро вокалды оздоштурсо болмок. Ар бир клибинде озун гана рекламалаган.Анан сразу коро албагандар деп жазбагыла. Кемчиликтерин эл айтыш керек а артист деген аны туура кабыл алып кемчиликтерин ондош керек. Клип жакшы,ун отстой шыбырап :-(
10.12.2013. 00:25
 momi
супер инфо клиптеги кыз жонундо малымат бере аласыздарбы сураныч айабай
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: