Топчубай Айтмаматов "Апакемди эскерем"
Жанр:Эстрада
00:05:58
74,39 Мб
Жүктөлгөн: 10-12-2013


Сөзү:Т.Айтмаматовдуку
Обону:Т.Айтмаматовдуку

Жаш кезимден өстүрдүң го кастарлап,
Эркелетип окутам деп "каз-каздап".
Эркелеттиң, "айланайын уулум" деп,
"Мен уулумдун көтөрөйүн уулун" деп.
"Мен уулумдун көтөрөйүн кызын" деп.

Кайырма:
Апакем, апакем,
Кадырлуусуң дайым сен.
Эгер азыр сен болсоң,
Ак сүтүңдү актаар элем азыр мен.
Эмне кылам, не кылам?
Арга таппай мен турам.
Жайыңыз жаннаттан болсун деп
Аргам жокто тилеймин мен Кудайдан.

Апа деген ушунчалык ыйык белең?
Элесиңди жүрөгүмө сактап келем.
Чын эле мен айтпаймынбы мындан ары
Дүйнөдөгү ыйык сөздү "апа" деген?

Көрбөйсүң сен таңдын жаңы атканын,
Көрбөйсүң го байчечекей ачканын.
Көрө албадың эр жеткенин уулуңдун,
Небереңдин жаңы там-тум басканын.
Небереңдин энекелеп айтканын.

Кайырма:
  • Currently 4.84/5
(25 добуш)

Комментарийлер (82)

10.12.2013. 21:44
 Jani1987
Топчубай Атмаматовдун апасы бар бул ырды ырдабай деле койсо болмок
10.12.2013 21:57
bek-rusu
Jani1987, Апасы барбы, жокпу .... Бул жон гана ыр , эскеруу дегендей, тируусундо кадырына жетуу деген мааниде тушунушубуз керек деп ойлойм ....
10.12.2013 23:50
Jani1987
bek-rusu, тируусундо сыйы жоктун олгондо ыйы коп дейтко апасы тируусундо сыйлабай жатбайбы бул ырчы
11.12.2013 12:32
alim
Jani1987, блиин сен да адамсын да. Апасын сыйлабаганын сен көрүп койдуңбу,апасы кайтыш болгондо бул бала 7 - 8 эле жашта болчу. Жазса болот экен деп эле жаза бересиңби?
14.12.2013 05:09
Gul.08
Jani1987, Апасы болсо ушул ырды жазмак беле ойноп суйлосон да ойлоп суйлосон,огой апасы бар баарын жакшына сыйлайт,кай жерден кордун апасын сыйлабаган баланы ?-адам озу кандаЙ болсо бироону да ошондой ойлойт....!
11.12.2013 00:54
miss2014
Jani1987,Апасы болсо ушунтип ырдамак беле,огой апасы бар,кантсе да ийгилик аябай талантту менин жердешим алга
11.12.2013 08:53
alim
Jani1987, Апасы кичине кезинде эле өтүп кеткен. Менин иним болот. Ушул ырды өзү 5 же 6 классында жазса керек эле.
11.12.2013 13:29
mikinookat
Jani1987, азыркы апасы 2-апасы,озунун апасы бул дуйнодон откон ,жинди беле тируу апасына ушинтип ырдап ,мурзого барып...
10.12.2013. 21:49
 bek-rusu
Суппееееер соз жок, коздон жаш агат го молт-молт этип АПАЛАРЫБЫЗ омурлуу болсун ! ! !
10.12.2013. 22:12
 NADUW
аябай таасирлуу ыр экен! ийгилик сизге!ата энебиз ар дайым биздин торубуздо эле болсунчу! ичиндеги наристеси дагы апасы мн кеттиби ээ?
10.12.2013. 22:15
 burka
Клип ырга топ келишип калыптыр Эрнис Сыдыковдун клиптери супер да озу
10.12.2013. 22:52
 chinaltyn
журогум титреп кетти. апакем сагындым сизди. жаныныз жаннаттан болсун...
11.12.2013. 01:01
 bka
Апаларыбыз оорубасынчы кудайым бар болушсун ар дайым!жакшы клип болуптур
11.12.2013. 01:15
 zak81
бул ыр жаралгандан бери узбой угам
11.12.2013. 02:12
 damka
Журогонум эзилип кетти ото сонун ыр сонун клип
11.12.2013. 02:27
 Ermek_sher
Апа деп жүрүү дагы эң жакшы бакыт экен апа дебегениме дагы 10 жыл болуптур жайлары жаннаттан болсун!(:-(:'-(
11.12.2013. 06:12
 doni89
Соонун клип болуптур ыры да аябай соонун сизге иийгилик...Эң соонун аткарыптыр клиптеги роль жараткнадарда.
11.12.2013. 09:11
 alim
Ээ Топчубай иним, сага ийгилик жана уй бүлөөлүк бакыт.Тез тез чыгып тур. Биз дайым сени менен сыймыктанабыз.
11.12.2013. 09:36
 Asus84
козумдун жашын токтото албай калдым жакшы клип болуптур
11.12.2013. 10:23
 djekki
жакшы аябай...
11.12.2013. 11:33
 aguni
Эн жакшы!!!
Апаларыбыздын коз жашы тогулбой, биздин багыбызга бар болсо экен ар-дайым.
18.12.2013 00:14
baxxa
aguni,
11.12.2013. 11:44
 jypara1415
Апамы сагынып мен да ыйлап алдым....Азаматсыз Топчубай байке , ырыныз сезимди ойготту . Клип да жакшы тартылыптыр .
12.12.2013 23:21
shum-16.92
jypara1415, зарина аябай каттууу ыйлап жатат
11.12.2013. 12:09
 Shah
Апалар ар дайым бар болсун .
11.12.2013. 12:17
 janno4ka
Энеге арнап ыр жазган озу эле ыйык! Ырдын мааниси,клиптин сапаты абдаан жакшы болуптур. Ушул нерселерге конул бурсанар жашоосуна арлашпай. Топчубай Айтмаматовго ийгилик! Жакшы ырларды дагы кутобуз
11.12.2013. 13:41
 mikinookat
бул ыр баарын толкундантып ,козуно жаш алдырат
11.12.2013. 13:57
 elmira93
апакем апакем апамы сагынып кеттим бар болушсун апалар
12.12.2013 00:11
mir89kg
elmira93, оба, менда Москва шаарвндв жургонумо да 3- жыл болду, апакемдин аяабай сагындым!!!
11.12.2013. 16:56
 joni040494
Алла ыразы болсун
11.12.2013. 17:08
 Beise
апандын арбагы ыраазы болсун тарбиялык мааниси бар ыр ракмат апанды сыйлаганына алла ыраазы болсун сага
11.12.2013. 18:39
 Eli75
Ой, Кудай коз жашым токтобой кордум. Топчубайдын бул ырына тартылган жаны клип окшойт. Ото мазмундуу, жакшы тартылыптыр,азаматсынар. Бул сыноолуу дуйнододон откон ата-бабаларыбыздын жайы Жаннаттан болсун. Топчубай, сенин апана атап жасаган жакшылык амалдарынды Аллах кабыл кылсын.
11.12.2013. 19:10
 guliz996
апасынын ролун жеткире аткарыптыр!
18.12.2013 23:40
zeirax19
guliz996, Баланын ролун айтсан ,баланын.
11.12.2013. 21:04
 AAZA
Топчубай ака апаңыздын жаткан жери жайлуу болсун. Дубаңызды АЛЛАХ колдосун эки дуйно бактылуу болуң. жердешинз Азамат.
11.12.2013. 21:48
 rs7777777
жакшы ыр мен 1999чу жылдан бери узбой угуп келем, биринчи жолу жалал абадтан кассета саткан дукондорду кыдырып издеп арандан зорго тапкам,себеби ушул апакем деген ырын уккан адамдар жашы карысы баары сатып ала берип калбай калчу
11.12.2013. 22:31
 ZUR.NUR8693
Бул ыры кимдердин гана журогун козгобойт ар бир уккан инсандын ата енесине болгон меерими коз карашы жакшы жака озгорот болуш керек апаныз ушунчалык мееримин тогуп остуругону корунуп турат болбосом мындай ыр чыкмак емес апаныздын жайы жанаттан болсун
12.12.2013. 11:02
 Ema_nookat
Жердешим сонун ырдайт да озу, клиби да сонун чыгыптыр
12.12.2013. 12:08
 Ulukbek_mirza
Оо укмуш, ырчы клип менен сенин мурда клиптеринди коргонбуз бирок жакшы ырларынды бузуп салган ким тартса да мына ырындын мааниси эми корунгон.Ушундай клипмеекерлер менен иштесен ырларынды элге жеткиресин .Сен озун жазып озун аткарасын мындай ырчы ото аз.Талантын ташкындасын ийгилик...
12.12.2013. 12:29
 max90
Бул ыр мен учун эле жазылгандай го.Апаке деп айтпаганыма 13-жыл болуптур.Сагындым апакемди.Жайыныз жанаттан болсун.
12.12.2013. 15:09
 kaytmas
аябай жакшы ыр экен талантыныз ташкындай берсин Топчубай аке
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: