Малика Дина "Жолугабыз аз күндө"
04:22
7,98 Мб
Жүктөлгөн: 11-12-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:А.Айталиевдики
Обону:К.Жакшылыковдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.46/5
(41 добуш)
Көлдүн жээги, бирге басып салкындап,
Жайдар мүнөз, жаз күнүндөй жаркылдап.
Жумшак шамал бетти аймалап сыласа,
Майда толкун жээкке урунуп шарпылдап.
Кошкун дедиң көпкө чейин кол булгап,
Кете бердим пароходдо калкылдап.

Эми алысмын куса болуп сагынып,
Бирок дагы бирге жүрөт тамашаң.
Түбөлүктүү, өмүрүмдүн шериги,
Сени сүйүп, жалгыз сени жаратат.
Ашыктыгым ого бетер артылат,
Сагынганда сүрөтүңө карасам.

Ар бир кыял, мүнөздөрүң көңүлдө,
Унутпастан ойлойм өзүң жөнүндө.
Сары алтын түбү келип сабырдын,
Сагынуумдун зардабына жеңилбе.
Аз күн калды жолугушчу убакыт,
Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде.

Комментарийлер (46)

11.12.2013. 15:04
 xman
Мааниси терен, обондуу биздин балакай кездеги эски ырларге не жетсин!. Мыкты ырдаптырсын Малика, азаматсын, чыгармачылык ийгилик, Динара эжени сыймыктантып журо бер!
11.12.2013. 19:04
 Bagirra
Азамат, Динара эженин оордун басаар кыз!
Жакшы акын обончулар м.н иштешсе алдыда көп жетишкендикти багындырат.
Үнү да кулакка жагымдуу, уккулуктуу...
11.12.2013. 19:26
 kumchik
Молодец!ийгйлик!
11.12.2013. 23:21
 carcanat
Уну жаман ширин кыз экенда ...
12.12.2013. 03:12
 mr.Ada
обону сары ой, кош жылдызга окшошуп кетет экен.
12.12.2013. 03:20
 meineblume
wauu un bar da Malikada,soonun atkaryptyr..iglik Malika saga!!!!!
12.12.2013. 04:30
 Mariyana
Соонун ыр!Динара Акулованын сыймыгыгоо супер!Малика ДИНА чыгармачылык ийгилик сага!
12.12.2013. 07:05
 rnurzida
Жакшы ырдаптыр. Азамат. Асылбек Озубеков ырдаган вариаты да абдан жагат. Негизи сонун ыр
12.12.2013. 11:09
 linara
Barakelde! Bul kiz unu tiygen yrga jan beret eken. Biraz da mashiksa KG'din "zolotoi golosu" Aijamal Kabylovaga ten taylashkuday potensial bar.iygilik kaalaym!
12.12.2013. 11:39
 ayaza
Ушинтип,журокко жеткизип ырдашса сонун да.АЗАМАТ Малика.
12.12.2013. 16:38
 Sarabanda
Жакты!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо