03:42
5,15 Мб
Жүктөлгөн: 06-01-2014
Жанр: Поп
Көчүрүү
Мен сүйсөм да, сен сүйбөйсүң, тумарым,
Түнкү шамдай өчүп барат ыраңың.
Таш боор белең жүрөгүңдө мээрим жок,
Аясаңчы, аясаңчы, аясаңчы, тумарым.
Тумарым, ай-ай, тумарым,
Аясаңчы, менин сүйгөн тумарым.
Жүрөгүмдөн кайнап чыккан махабат,
Күндөн-күнгө кайгы-капа жаратат.
Сенин атың, сенин сүйкүм элесиң,
Жүрөгүмдө тумар болуп сакталат.
Тумарым, ай-ай, тумарым,
Аясаңчы, менин сүйгөн тумарым.
Комментарийлер (40)