Жоодарбешим "Боюңду көтөрбөчү"
03:52
4,41 Мб
Жүктөлгөн: 09-01-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:Жоодарбешимдики
Обону:Жоодарбешимдики
Көчүрүү
  • Currently 4.45/5
(22 добуш)
Буралган гүлдөйсүң, жылдыздуу түндөйсүң, жаным,
Тартылам өзүңө жылмайып күлсөң мен.
Көтөрүп боюңду, көрмөксөн болбочу, сен,
Жүрөккө так салып, көңүлдү муздатып албачы дейм.

Кайырма:
Суранам мен сенден боюңду көтөрбөчү,
Жагымсыз кылыгың жарашпайт сага өзү.
Жараткан арнаган көркүңө бой көтөрбө,
Өкүнүп кийин калба, бул күндөр өткөн чакта,
Кеч болот анда сага!

Апаппак ак куудай баратсаң көл бойлоп, жаным,
Суктанат баарысы көз артып өзүңө дайым.
Мынчалык мерезсиң, өзүңдү сезесиң, айтчы,
Жүрөгүң же сенин муз болуп калганбы баары?

Кайырма:

Комментарийлер (59)

09.01.2014. 12:09
 Compact
Кыздарга барып айтчу создор экен )) Жага берген жок.
09.01.2014. 12:09
 Ardak777
Ар ырдан сөздөрдү алып-алып жазып койгон го, а... Негизи бул балада аракет бар, бирок... Музыкасы норма, сөзү ар жерде жаткан таштарды алып туруп дубал тургузуп койгондой, мунуң эртең эле урап калат, үкөм! Сөзгө кичине маани берсеңер боло! Баарыбыз эле акыныраак болуп кеттик го...
09.01.2014. 12:45
 a.ruffo
Эптеп септеген ыр! Мирбек Атабеков айткандай уят! Эми тушунуктуу эмнеге уялып жатканы. Обону Нурлан Насиптин "менинда суйуум ушундай" атуу ырыныкыго............
09.01.2014 17:23
bander
a.ruffo, качан жана кайсыл жерде уят деди эле?
09.01.2014. 12:59
 bekbolot1964
Дагы бир жакшы ыр жаралды,создору катуу жазыоыптыр Суранам мен сенден боюңду көтөрбөчү,
Жагымсыз кылыгың жарашпайт сага өзү деген жери абдан жакты
09.01.2014. 13:02
 shanur
Жазат десе эле тантып жаза бериштин эмне кереги бар. Биринчи озундун жакындарына уктуруп кордунбу эле жагабы деп?
09.01.2014. 13:03
 anjella888
Эч кандай башка ырга окшош эмес,кыздар чычалабойлы,жашоодон алынган ыр экен.кайра кайра угуп жатам,Жоодарбешим жаны чыгып жатсан дагы аракетин кучтуу,
10.01.2014 03:12
AZAP_2009
anjella888, созунуздорго мен дагы кошумчалап кетейин=)Чычалаган чып чыын болот!)))
09.01.2014. 13:07
 aybekbrat
хехе кыздарга арналган жакшы ыр болуптур,чынында жаны чыгып жатса дагы Жоодарбешим жакшы чыгы жатат,дагы ырларды кутобуз,ырдын ар бир созу терен мааниде жазылган
12.01.2014 03:43
bishkek.kg
кыздарга ушинитип ырдап койсо анан жигиттердин суйуусун кадырын билишет. кее бирде ушинтип ыр жаратып койгула жакшы болот соонун болуптур бирок
09.01.2014. 13:14
 meninmekenim
Жоодарбешим таланттуу жигит.менин оюм боюнча жоодарбешимди коп колдошот себеби обонду аябай жакшы чыгарат.Азыркы жаштардын кобу эле Жоодарбешимдин ырын угуп калды го,азамат,анча мынча катачылыкты ондойсун баары алдыда
09.01.2014. 13:25
 Surduu
Мага жаккан жок! Кара соз менен ырдап койгондой. Нурлан менен салыштыруунун кажети жок. Ага жеткенге коп бар дагы. Жакшы ырларды жаратып жатты эле, мактап койсо эдирендеп кетти окшойт. Жанталашып сапатсыз ырлардан коро шашпай жакшы ырларды жарат!
09.01.2014. 13:26
 bekbolot1964
ар кимдин ою ар кандай,жакшы соз жан эргитет жаман соз жан кейитет,мен сени колдойм ука.Бизге сендей ырчы керек,жаман создорго конул бурба
09.01.2014. 15:10
 a.ruffo
Муну биздин улуу акындар укбасын инфаркт алышат.
09.01.2014. 15:13
 a.ruffo
Жоодарбешим деген атындын "бешимин" алып кой. Бешим дегенин "пешим" намазы болуп калат. Ыр шайтандын азаны! Шайтандын азанын айтып жургондон кийин Аллахтын пешим намазын тийиштирбей эле кой.
09.01.2014 17:34
nasi00
a.ruffo, Озунун азан чакырып айтылган аты Жоодарбещим болсо ал кантип бешимин алып койот сага жакпаса алып койуп айта бер да кыжалат болбой мындай ыйык аттар журот го атынын жарымын алып койбой эле мисалы Мухамбет Мадина ж.б
10.01.2014 05:27
Chikmai
a.ruffo, a balkim Beshim dep beshim namazyn niet kylyp koibogondur!
09.01.2014. 15:15
 Nurik_UFC
мага жакты сонун ыр экен
09.01.2014. 15:56
 nsk-mk
ырдоо стили эски ырлардай чо то жагымсыз. а так озу от души
09.01.2014. 17:01
 jamawok
Yshyl balanyn jirkenichtyy bir nersesi bar ech jakpait
09.01.2014. 17:53
 omurbek9393
Начар.
09.01.2014. 18:05
 jamaldina
чын эле болбой калыптыр Нурлан Насиптин Менинда суйум ушундай деген ырына окшотом деген го эээ
09.01.2014. 18:50
 Ivan92.01
sonun yr))) Azamat joke
09.01.2014. 20:40
 altyshakg88
ото начар... кайталагандан коро изденсе болмок
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо