Султан Садыралиев "Күнөөмдү кечир, Алла"
05:42
5,22 Мб
Жүктөлгөн: 14-01-2014
Сөзү:Б. Жамгырчиевдики
Обону:С. Садыралиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.63/5
(32 добуш)
Жарык турса нур толгон жансыз күнгө бекиндим,
Жармашыпмын шайтанга теңин булгап бетимдин.
Карегимди дат басып, аруулукту табалбай,
Жаштыгымдын далайын жардан алыс кетирдим.

Көздү нечен май басып жолду көрбөй эсирдим,
Көкүрөгүм муз болуп барксыз күндү кечирдим.
Жамандыктан кайтарчу жалгыз өзүң бир Алла,
Жаркын жолго жетелеп күнөөлөрдү кечиргин.

Кайырма:

Алла, Алла, Алла,
Күнөөмдү кечир, Алла.
Алла, Алла, Алла,
Тозоктон сакта, Алла.
Ля Иляха илля Ллах, Мухаммадун – расулю-Ллах

Сактай көргүн, Жараткан, көкүрөгү сокурдан,
Калыстык бер чалдарга наркын сатып отурган.
Ыйлап сурайм, Аллахым, ал күндөрдү кечиргин,
Ыйманымды тарталбай никеси жок кошулган.

Бийлик үчүн намысын сойчуларды кечиргин,
Эл ырысын соодалап тойчуларды кечиргин.
Аруулугун жоготуп, битке турбас сом үчүн
Абийирине чок түшкөн сойкуларды кечиргин.

Кайырма:

Өлбөчүдөй күн көрүп жашап калдык жан сабап,
Өзөгүбүз күйүүдө аракечтик аркалап.
Келечеги жоголуп, багытынан адашкан,
Бир тууганды кечиргин жолдо жаткан чалкалап.

Баскан-турган жолуңдан кайдигерлик коштолуп,
Багытыбыз бузулду шайтан күчү топтолуп.
Бара турган жерибиз жарыгы жок түн беле?
Жанчылууда акыл-эс жан дүйнөбүз бош болуп.

Кайырма:

Жаңылууну кечиргин билип-билбей жасаган,
Жардам сурап журт үчүн карегиме жаш алам.
Барарыбыз кара жер, аларыбыз бир кепин,
Баарыбызды пенде кыл намаз мене жашаган.

Кайырма:

Комментарийлер (52)

14.01.2014. 17:10
 alysta
Жаман емес
14.01.2014 18:26
isamurai
alysta, демек жакшы
14.01.2014. 18:24
 isamurai
Абдан жакшы ыр экен.
14.01.2014. 18:52
 azamat1992kg
Ыйманга чакыра турган жакшы ыр экен.
14.01.2014. 20:06
 marat_1910
султандын уну соонун бул ыры абдан соонун болуптур тарбиялык мааниси терен эх Алла куноолорубузду кечире кор
14.01.2014. 20:37
 bogot
Кантип жуктосом болот жардам берип койунуздар
14.01.2014 23:41
Laden
bogot, Көчүрүү деп турат ошого басыңыз.
15.01.2014 09:32
Asulbek
bogot, кочуру дегенди басан?
14.01.2014. 20:46
 aikooo
соонун ыр болуптур, чынында эле куноолуу адам жок азыр )))
14.01.2014. 20:58
 Bagysh
Азамат Султан жакшы ыр
14.01.2014. 20:59
 kai008
Жакшы жазыпсын акыйкатты айтсан катуу тийет бара жаткан багытыбыз карангы жарыктыкка кайталы мусулман бир тугандарым
14.01.2014. 21:20
 akiw
жакшы ырдаптыр
14.01.2014. 21:56
 Mariyana
жакшы ыр,жакшы ырдаптыр.
14.01.2014. 22:16
 aijanajana_7
Sultan baike yr soonun boluptur.....Maa Shaa ALLAH.
14.01.2014. 23:35
 Laden
МашаАЛЛАХ!
15.01.2014. 00:09
 Mister.Erik
Азаматсыз талантынызга таазим брат, чыгармачылык ийгилик, уй булолук бакыт кааалайм
15.01.2014. 00:21
 miki87
Азамат.
15.01.2014. 00:38
 nargul
МашАллах..... Алла раазы болсун...
15.01.2014. 01:42
 zaika_84
Жакшы ыр болуптур.Мээримдуулордун-мээримдуусу,кечиримдуулордун-кечиримдуусу Жараткандан сураналы,ар бир пендесине ыйман,ынсап сабыр... бере кор деп...
15.01.2014. 02:53
 suiutbekov1989
Азаматсын султан брат ыр ото жакшы
15.01.2014. 05:41
 Destro
ушундай ырлардан коп ырдачы элибизди ыйманга чакыралы..
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо