Нурлан Насип "Көпөлөгүм"
03:37
6,61 Мб
Жүктөлгөн: 17-01-2014
Жанр: Поп
Сөзү:Нурлан Насиптики
Обону:Нурлан Насиптики
Көчүрүү
  • Currently 4.37/5
(62 добуш)
Жалгызым менин, жашоомдо сенсиң,
Кылыктарың чыгат эркелесең сенин.
Жаратканымдын энчилеп мага,
Буюруп койгон белеги сенсиң.

Сен, мен түбөлүк дайым,
Кол кармашып жүрөлүк, жаным.
Махабатка чөмүлүп бирге,
Таталы сүйүүнүн даамын.

Кайырма:
Мен, мен сени сүйөмүн,
Татынакайым, таарынчагымсың, балапаным.
Мен, мен сени сүйөмүн,
Жан дүйнөмдөн көкөлөп учкан, көпөлөгүм.

Тамаша айтсам таарынып мага,
Капа болот менин тентегим.
Түбөлүк мага колуңду сунуп,
Өмүрүмдүн гүлү болчу сен.

Гүлдөрдүн түрүн үзөйүн тандап,
Жүрөктөн сунам сүйүүмдү арнап,
Бир келген бакытты учурбай, жаным,
Жүрөлү жанашып сүйүүнү барктап.

Кайырма:


Комментарийлер (91)

17.01.2014. 15:32
 KG_01
Ыр мага лично жакпады...Бирок ишине ийгилик брат мурдагы ырларындай ырларынды кутобуз..Бул ырдын созу да топ келбептир анча..Баашы обону мага негедир Тимати feat. Григорий Лепс - Лондон ырына окшоду...Аракет кыла бер бирок талыкпай бара-бара начарладын сен бала атан о...)))))
17.01.2014. 16:22
 ulanbek0001
Нурлан сенин буга чейинки ар бир ырың мыкты деңгээлде эле, акыркы күндөрү жөнөкөй, жеңил ырларга өтө баштадың. Азыркы ырың деле ошол жеңил ырлардын бирин толуктаптыр. Жалкоолонбо жигиттин гүлү, болбосо күйөрмандарыңдын санын азайтып алышың мүмкүн...
17.01.2014. 16:36
 Nurik_UFC
жакшы эле ыр болуптур мага жакты
17.01.2014. 16:37
 ebe
Ушул ырыныз жакпады, сизге той ырларын эле ырдаган жарашат! жай ырларыныздын арасын бир эле Унуталабайм деген ырыныз жагат калганы эптемей анан жай ырлар жарашпайтта экен. Бул ыр кыйналып чыккан обонго окшош экен. Негизи жакшы бирок лично мага бирда жакпады
17.01.2014. 16:44
 joni040494
Азаматсын жакшы ыр экен
17.01.2014. 17:05
 Sarabanda
Жоопсуз суйуу,Унуталбайм деген ырын азыр да унутпай угуп журобуз.
17.01.2014. 17:09
 Sarabanda
Кимге кандай бирок мага ЖАКТЫ!!!! НУРЛАН МОЛОДЕЦ!
17.01.2014. 17:36
 samar72
жаман эмес алга !!!
17.01.2014. 18:34
 saryanti
анча эмес
17.01.2014. 19:03
 Mirlan77
супер ыр! алга!!! кутобуз жаны ырларды...
17.01.2014. 20:11
 wwwwalmaz
жакпаса укпагыла нурлан алга
17.01.2014. 20:15
 burka
Апей угуп туруп анан комментарии береби? Жакса жакты дейт жакпаса жакпады дейт ар бир адам озунун жеке оюн билдире алат. Мага да анча жакпады баштагы ырлары сонун болчу
17.01.2014. 20:26
 aizul9.kg
мага жакты))мага ырдалгандай(жыргап элестетип аткан быйтыкча).:)
17.01.2014 20:39
tachkomur
жакты алга нурлан!!!!!
17.01.2014. 20:33
 aizul9.kg
балапаным:)
17.01.2014. 20:40
 kgnusu94
Ырдалып жаткан ырларга кошсо Болот ыр озгочо эмес бирок ... Мындан да жакшы ыр кутобуз
17.01.2014. 20:48
 jigitaly
ancha emes
17.01.2014. 21:00
 Jakusya
Башка ырларына окшобогон, башка стилдеги ыр экен. Созуно обону сонун топ келишиптир. Ырды угуп жатып тыпылдаган кызды элестетет экенсин. Азамат, алдыга жылуу бар))), озгочолук байкалат экен... Ийгилик!
17.01.2014. 21:08
 rnurzida
Мурунку ырларынын денгээлинде деп айта албайм бирок укса болгудай. Музыкасы жакты мага. мындан да жакшы алгачкы ырларындагыдай чыгармаларды кутобуз.
17.01.2014. 21:38
 tim_ele
magada jakkan jok
17.01.2014. 22:18
 Nursultan.m.n
Жакшы ыр болот
17.01.2014. 22:19
 Baaah
Молодец жакшы ыр десем деле болот,ар ким ар кандай айта берет,конулуно алба.АЛГА!!!!!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо