Нурзада Жолдошева "Сагынамын"
Жанр:Поп
00:03:37
56,46 Мб
Жүктөлгөн: 27-01-2010


Сөзү:Ч.Мырзаевдики
Обону:Н.Жолдошованыкы

Жандаган жарым сен болуп,
Жашоомо бакыт куш конуп.
Жанашып биз бир жарашып,
Жубайың болсом ак жоолук.

Көрбөсөм көз ирмем сени,
Көңүлүм сагынычка толуп.
Адашып атыңды айтсам,
Күтөмүн келет деп жоруп.

Кайырма:
Сагынамын, жаным, сагынамын,
Көздөрүңдү, жаным, сагынамын.
Тагдырымдын берген белеги сен,
Жашоомдун шербет, балы дагы.

Кадырлап мага дем болуп,
Кызганып, башкадан коруп.
Өзүңдөй эч ким сүйө албайт,
Кучагың күндө гүл толуп.

Бак берген бул өмүрдө,
Маңдайга жазган жанымсың.
Берекенин баары өзүңдө,
Мөмөлүү сүйүү багымсың.

Кайырма:
Сагынамын, жаным, сагынамын,
Көздөрүңдү, жаным, сагынамын.
Тагдырымдын берген белеги сен,
Жашоомдун шербет, балы дагы.
  • Currently 4.83/5
(6 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (77)

29.01.2010. 11:05
 alirun
Мага абдан жакты. Нурзада, азаматсын! Журушунон тайба! Ар ким ар кандай айта берет, укчусун угуп, кереги жогун укпай эле кой. Эмгектене берсен, албетте ийгиликтин узурун корооруно ишенем.
29.01.2010. 13:48
 kuppher
kelbeti menen ozu shahzodaga okshogon kyz, al emi yr jakshy.. azamatsin Nurzada ! alga !!
29.01.2010. 16:14
 mik
Ырдын мааниси жок. Клиптин мааниси жок. Клипте оозу эле корунот го. Жасалма кулку.
29.01.2010. 19:53
 narnianboy
Nurzadani internettegi videolordon bashka jerden korgon emesmin birok ayabai jaktyram. Kulgonu mimikalari tattuu kiz. Unu da jagat. Azir iri dagi, klibi dagi jakty. "Shahzodaga okshoshturuptur" degender bar: emi Shahzoda ekoo bir birine okshosh bolso, Shahzodaga okshoshum jilmayip irdabaym dep iylap irdamak bele. :))
30.01.2010. 04:19
 erma
maga baary bir sagynsanda sagynbasanda negizgisi aman bolda
30.01.2010. 20:21
 uke
Коптон бери корбой мен да сени сагындым.
31.01.2010. 16:04
 albars
imidj nado srochno delat tebe... i ne poydet v kajdom kadre golovu kachat' vse vremya chelkoy mahat'
01.02.2010. 10:52
 rai
Эми келбети Шахзодага окшош болсо эмне кылсын?! Анан аракетин жерге тепселеп, болбойт, койкуй дей берген да туура эмес го! Аракети жакшы эле. Мен азамат дейт элем бул кызды. Себеби, телеалпаруучу да, ди-джей да болуп иштейт. Анан ырдап, клип тарттырып жатса, соз жок.
01.02.2010. 15:58
 sapsary
нурзаданын ырынын мага кайырмасы оллло жакты
02.02.2010. 00:28
 temirlan
urunun obonu kop jakpadu........
02.02.2010. 03:48
 zzahra
Chin ele Shahzodaga okshosh eken ey,chekik kozduu Shahzoda.Birok ani tuurabay ele ozu bolup ele chksa jakshi bolmok suluu,tatinakay unu da jakshi kiz eken.Ozun kanday bolson oshondoy ele bolson dagi jakshi go...
02.02.2010. 19:22
 Аселя Ли
чё за песня, клип все как в старину. А певица СТРАШНЕНЬКАЯ такая, а еще очки ей не идут!Модератор info түзөттү 04.02.2010 10:33
02.02.2010. 19:36
 Аселя Ли
чё за песня, клип все как в старину. А певица СТРАШНЕНЬКАЯ такая, хочется БЛЕВАТЬ реально вообще пипец. а еще очки ей не идут!
03.02.2010. 09:02
 kyrs
Ээй адамдар эми Шахзода, Нурзадага окшош болсо Нурзада эмне кылмак эле Шахзода мага окшош деп тусун озгортушу керекпи. Окшош адамдар коп элего атайын окшошпоюн десенда башклар окшоштурушат. Суйлойт десе эле суйлой бербей.
03.02.2010. 14:15
 лоло пепе
Эта певица похоже чем-то на Шахзоду. Ты что ее копируешь?? Не надо милая этого делать! А то она об этом узнает и еще хуже зазвездится!! Ты вроде ничего на лицо и голос у тебя тоже пойдет. Тока ты не копируй, а сделай так, чтобы тебя другие певицы копировали!!
04.02.2010. 11:25
 Baibeshin
Супер клип болуптур,ыр дагы 5деген балл!
07.02.2010. 16:31
 сокол
слушай,лоло пепе, ей теперь повесится пойти,от того что на шахзоду похожа? или пластику сделать? странная ты дамочка! а девка нормально поет!!!!!!!!!!!
07.02.2010. 16:37
 сокол
вот вы киргизы совсем опупели,нет бы поддержать своих,вместо этого какую то сартулю шахзоду звездите! совсем нюх потеряли!!!!!!!!! и люди на себя посмотрите,перед тем как судить.
09.02.2010. 03:50
 adilbek
Арзан клип
09.02.2010. 10:49
 LIVER
Жакшы эле ыр, бирок стилисттин не дороботкасы даана байкалып турат. жана кичине артистизм керек. аракети жакшы эле
10.02.2010. 08:27
 Даниэль
Муах,ай красавица! Мага жакты
13.02.2010. 13:58
 Кайрат
Кыкенедер бироолорду туурагандан эч кимди алдыга чыгарбайбыз го.
14.02.2010. 09:56
 uli
Шахзода башка тема, Нурзада башка тема да ээ. Клиби ыры жакпайт дебей, Нурзаданын озун корсок эле болду да ошол жетиштуу.
16.02.2010. 02:05
 Japalak
Мындай ырларды супер деген адамдар, значит еще ничего не видели. Эгер силерге ушул клип супер болсо, анда Леди Гаганын, же Пинктин клипетри жмне болот. Наверное алардын клиптерин коргондо, андай ырчылардын клиби чагылдырган информацияны мээнер которо албай жарылып кетесинер го!
21.02.2010. 17:59
 janulia
super-puper!!!!!!!!!!!!!!!!!Ushunday talant radiodo mene kylyp jurot deym da!
22.02.2010. 01:27
 maliwka
Нурзада копирует шахзоду. Если бы не так было, то просто прическу хотябы поменяла. А голоса нету у нее
22.02.2010. 11:52
 MaRmeLaDka
Кимди туураса да мага назик уну жакты.Азамат!
22.02.2010. 16:24
 kapkaida
MarmiladkaЖ Кайсы унду айтып жатасын, эч уну жок, чычкандай чыйпылдап аран чыгат уну. И то наверное, атайы техника менен ондоп жатып унун аран чыгарган окшойт.
22.02.2010. 16:28
 kapkaida
сокол: Да мы бы с удовольствием поддержали, если бы хоть голос был бы, так ведь голоса же нету. И вдобавок выпустила тупой клип. С удовольствием поддержим, если талантливый человек, с потрясающим голосом.
22.02.2010. 16:31
 kapkaida
Мисалы мен ырдай албайм, бирок жакшы ырды баалаганды билем. Уну булбулдукундай сайрап, жанырып турса кантип эле колдобой койоюн. А бунун, жогору жазып кеткендей, уну чычкандай чыйылдап жатса, каратып туруп кантип колдойм дейм, кантип азамат алга деп жазам? Бетим барбайт. Анте албайм.Чын оюмду жазып жатам.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: