Сыймык Бейшекеев "Сага"
Жанр:Эстрада
00:04:35
44,95 Мб
Жүктөлгөн: 20-01-2014


Алыстан келсем сага кусаланып,
Айылымдан кетиптирсиң узап алыс.
Арнаган гүлдүн сага бариктери,
Алдымда турду түшүп ушаланып.

Кайырма:
Жомоктогу сүйүүнү пайдаланып,
Жоругуңду жазчу элем айдан алып.
Жол боюнда ыйлаарың билбептирмин,
Жоолугуңду кыйшайтып байлап алып.

Артыңдан барсам издеп кабар алып,
Алдымдан чыктың капыс балаңды алып.
Аттиң, ай, ушак ээрчип калбасын деп,
Амандык сурашканга жарабадык.

Кайырма:

Жол жок эми өзүмдү куткарууга,
Жакшы болбойт турмушуң бузганымда.
Жооткотуп өзүмдү койдум алдап,
Жолдошуңду жакшы деп укканымда.

Кайырма:
  • Currently 4.88/5
(32 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (69)

20.01.2014. 21:21
 barsa1984
Бул ыр баштан-аяк менин тагдырымдан алынып жазылгандай сезиле берет.Бирок,клиптин сюжетин башкача элестетип жүргөн элем....
20.01.2014. 21:47
 kuba.kg
эн жакшы клип экен мага аябай жакты.бир себептер менен суйгонун менен бирге болбой каласында
20.01.2014. 22:40
 zamir.87
Жакшы клип болуптур
21.01.2014. 00:59
 nurkaKg90
Жакшы соонун болуптур
21.01.2014. 01:12
 Аваз Акимов
абдан маанилуу клип болуптур атама ийгилик каалайм!!!
21.01.2014. 01:19
 kyrgyzstan13
en sonun chygarma,chynynda ele bek menen syimyk agalar legenda.
21.01.2014. 02:23
 ilgiz-kg01
bravoo sonun 4ygyptyr
21.01.2014. 02:37
 Ermek010292
Жакшы клип ыр баары сонун болуптур.
21.01.2014. 02:51
 nooken.kg
Терен маанилуу тартылган клип экен. Бар болунуз ар-дайым!!!
21.01.2014. 03:35
 aman94el
ох уну ыр ото эле супер ымм клип да сонун болуптур клиптин акырында суйгон кызын башка бироо менен коргон жерин ух сонун чыгыптыр мен болсом чыдай албайт элем кандай жаман баарын Аллах таала озу суйгону менен бирге кылса экен
21.01.2014. 07:44
 rnurzida
Мына ушуну ыр, клип десе болот. Мазмундуу да, уккулуктуу да. Голосуна соз болушу мумкун эмес. Клиптеги образдарын да жакшы аткарышыптыр. Ийгилик болсун дайыма!
21.01.2014. 09:29
 tairbek.
соонун клип болуптур жакты.
21.01.2014. 12:04
 k_medi04
Сыймык Бейшекеевдин баардык ырлары маанилуу, бар болунуз!
21.01.2014. 12:12
 Umka636589
Менин жашоомдон алынгандай клип болуптур.коз жаш алып,аябай таасирлендим.
21.01.2014. 12:23
 barabei
оой рахмат издеп жургом ушул ырды эн жакшы сиз кыргыздын экинчи Чынгызысыс аке дагы айтып койор элем улун мага окшогон менда ага окшоном дегендер ушул ырды угуп манисин тушунзо экен
21.01.2014. 13:21
 bossmos7
Жакшы ыр мыкты тасма болуптур! Айрыкча сулуу кыз экен!Тасманы дагы бир жолу кордум.Кыздын сулуулугуна суктанып.
21.01.2014. 13:44
 Адам
Тигинде подружкеси кантет? Машинеге мажбурлап эле салып жатса, "лям" деп койбой күлүүп турганын.

Сыймык Бейшекеев чынында өзгөчө талант экен, эң сонун ырларды аткарат, ошого жараша клиптери да мыкты.
21.01.2014. 14:28
 Poliglot
Ырдын мазмунуна клип дал келиптир, абдан жакты. Апамды да атам ушундай ала качып кетти эле, азыр бул клипти коруп алып апамды аяп кеттим. Бирок Кудайга шугур, биз пайда болуп, апамдын суйуусу бизге отту. Негизи ала качуу эн эле жаман корунуш. Сыймык байке, менин жолдошум сизге абдан окшош. Элдин баары "Сыймык Бейшекеевдин баласысынбы?" деп сурай беришет. Клип тарта турган болсонуз жолдошум сиздин жаш курагынызды мыкты ойноп бермек. Сизге ийгилик!
21.01.2014. 14:49
 Asus84
ай ий сонун сулуу адамдарды тартыптыр клипке супер соз жок кайра кайра коруп атам суктанып
21.01.2014. 14:56
 Aijamal13
Азаматсыз Сыймык байке талантыныз ташкындай берсин.
21.01.2014. 15:10
 eli1989
Эн сонун +1.000.000
21.01.2014. 15:44
 ladylove
Соонун клип болуптур ,актерлор жагымдуу мурунку убакты жакшы чагылдырышкан.
21.01.2014. 15:46
 aguni
Мындай коз ирмемдер клиптерде эле кездешсе экен. Чыныгы жашоодо баары оз тугойлору менен бактылуу болушсун.
21.01.2014. 18:20
 Айдай
абдан жакты магада, эскеруулор болуп кетти жаш кезди...
21.01.2014. 20:00
 Gulzhan
Супер,супер,супер.
21.01.2014. 23:13
 bektashova_ayzada
мыкты ыр, сонун клип, азаматсыз, ийгилик!
22.01.2014. 08:52
 Kolskaya
Ээээээээңңң сонун Сыймык байке!!!!! Абдан жакты, ойлойм бардык коргондордун конулун алат деп. Өзгөчө текст оллло жакты. Азаматсыз!!!!!!!!!!!
22.01.2014. 12:14
 asko93
соонун болуптур мага абдан жакты
22.01.2014. 14:04
 ulik.2014
Абдан жакшы ыр экен клип дагы. Азаматсыз Сыймык байке сиздин мага баардык ыр клиптериниз жагат. Ийгилик сизге!!!
23.01.2014. 01:00
 orxidea10
эх аябай жакшы. журокту козгогон клип болуптур акырында козумо жаш алдым.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: