Сыймык Бейшекеев "Сага"
Жанр:Эстрада
00:04:35
44,95 Мб
Жүктөлгөн: 20-01-2014


Алыстан келсем сага кусаланып,
Айылымдан кетиптирсиң узап алыс.
Арнаган гүлдүн сага бариктери,
Алдымда турду түшүп ушаланып.

Кайырма:
Жомоктогу сүйүүнү пайдаланып,
Жоругуңду жазчу элем айдан алып.
Жол боюнда ыйлаарың билбептирмин,
Жоолугуңду кыйшайтып байлап алып.

Артыңдан барсам издеп кабар алып,
Алдымдан чыктың капыс балаңды алып.
Аттиң, ай, ушак ээрчип калбасын деп,
Амандык сурашканга жарабадык.

Кайырма:

Жол жок эми өзүмдү куткарууга,
Жакшы болбойт турмушуң бузганымда.
Жооткотуп өзүмдү койдум алдап,
Жолдошуңду жакшы деп укканымда.

Кайырма:
  • Currently 4.88/5
(32 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (69)

20.01.2014. 16:31
 Guli.K.E.
Сооонун болуптур ! азаматсыз Сыймык байке!
Калипа тоже молодец жакшы аткарыпсын, ийгилик сага красавица наша.)))
20.01.2014. 16:39
 noeli
чын эле сонун болуптур.кыз менен жигит аябай суйкумдуу экен.
20.01.2014. 19:08
 Guli.kg.90
Кайгылуу экен! Бирок жагымдуу чыгарма экен!
20.01.2014. 19:30
 Baha909090
соз жок!!!!!! абдан жакшы ыр! сыймык,бек булар легендаларго,буга кобу кошулса керек.....
20.01.2014. 20:19
 altynbek-
Жакшы болуптур сыймык байкенин коп ырлары мен учун жаралгандайда
20.01.2014. 20:22
 altynbek-
Сыймык байке сиден ак койногун жарашат анан ак жоолукчан болуп калган ырынызга клип тартсаныз кутобуз
20.01.2014. 20:36
 sanchos
супер
20.01.2014. 21:10
 belosnejka1
Аябай жакты! Клип баары! Козумон жаш агып кетти.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: