Гүлжигит Сатыбеков "Санат ыры"
04:32
8,31 Мб
Жүктөлгөн: 27-01-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.05/5
(21 добуш)
Тумчугамын, түбү жок санааларга батамын,
Бийиктерге жетелейт ак батасы атамдын,
Издеп жүргөн бейишим таманында апанын.
Азаматты эр кылган бата болот турбайбы,
Жашоодогу дөөлөтүң ата болот турбайбы,
Жаман жүрсөң ичинен капа болот турбайбы.
Түгөнбөгөн берекең апа болот турбайбы,
Үйүңдөгү базарың бала болот турбайбы.

Көзүңдү ачып-жумганча кеч кирет да, таң атат,
Сыйлашалы кел, досум, өмүр өтүп баратат,
Тирүүлүктө адамдар бири-бирине аманат.
Бешик көркү бөлөнгөн бөбөк болот турбайбы,
Агасына иниси жөлөк болот турбайбы.
Бир туугандар бир үйдө өзөк болот турбайбы,
Бой жеткенде үй-жайың бөлөк болот турбайбы,
Карыганда неберең эрмек болот турбайбы.

Ташы менен урганды, ашың менен тосуп ал,
Турмуш деген татаал жол, жакшы чөйрө күтүп ал.
Түбөлүктүү жарыңды алып качпай, сүйүп ал.
Жалынсаң да токтобос өмүр болот турбайбы,
Назиктердин назиги көңүл болот турбайбы.
Тууганыңдан жакыны коңшу болот турбайбы,
Акыретте жаныңда досуң болот турбайбы.
Балалыгың жомоктой эсте калат турбайбы,
Өмүр өтсө бул денең жерде калат турбайбы.
Өмүр өтсө бул денең жерде калат турбайбы,
Бектер кетип, кайра эле элдер калат турбайбы.

Комментарийлер (79)

27.01.2014. 23:27
 omurzak
Сууупер ыр супер инфо
27.01.2014. 23:52
 zamir.87
Сонун ыр болуптур ийгилик
28.01.2014. 00:18
 Zalkar93
Супер ийгилик
28.01.2014. 00:28
 Baktyluu_Jigit
Соз жок кросавчегсиз ака
28.01.2014. 00:45
 toktopolot79
Азаматсын!!!
28.01.2014. 01:09
 aikadaika1993
админстрация ГУЛЬЖИГИТТИН АЙзирек деген ырында кошуп койгулачы
28.01.2014. 01:19
 Mariyana
соонун
28.01.2014. 01:20
 Destro
алга брат айылдашым болот.
08.02.2014 21:26
Zuke91
Destro, ошондо кайсыл жерден болосунар
28.01.2014. 01:23
 Destro
соз жок класссссс!!!!!!
28.01.2014. 01:41
 erketai91
Ийгилик каалайм!!! унунуз эл журт ичинде очпой журо бериниз!!! талантынызга таазим!!!
28.01.2014. 02:26
 Asiyo
Аябай жагат да Гулжигит байкенин ырлары.Чыгармачалык ийгилик, уй-булоолук бакыт каалайм!!!
28.01.2014. 06:05
 rnurzida
Бул да мен издеген ыры Сатыбековдун. Ото маанилуу ыр. Ийгилик!
28.01.2014. 08:42
 maksb86
Вощще класс молочик братан
28.01.2014. 12:21
 princ
текстин жазып жибергиле
28.01.2014. 16:08
 Floweryface
Жалан гана жакшы комментарийлер жазылган ырды эми коруп баарына+ басып чыктым, азаматсынар жакшыны жакшы деп айта билуу керек,мага да ыр аябай жакты журоко жетет дароо эле, кайра кайра уккун келет!
28.01.2014. 16:49
 altynbek-
саламатсыздарбы супер концерт качан кирет
29.01.2014 10:22
admin_media
altynbek-,
Саламатсызбы! Жакында...
28.01.2014. 17:16
 mirbakg
Ийгилик сизге!!! ырдын создорунун мааниси ото чон !! Акыркы кундору Жаны чыккан ырчылар мукыкасына эле басып жасап жатышат мааниси жок бир нерсе эле!!
28.01.2014. 19:44
 Akjolbai110784
Аябай жакшы ыр, Гулжигит бул ырларын менен коптогон куйормандарындын журогунонон оорун алдын деген ишенимдемин.Азаматсын чыгарган ырларын обону дагы,маазмуну дагы сай келишип уккан адамдын конулун которот.Москвага дагы шарт тузуп келип концерт койуп кетсен жакшы болмок ,куйормандарын бул жакта да аз эмес.Чыгармачылыгына дагы чон чон ийгиликтерди каалайм!!!
28.01.2014 21:51
Mirba24
Akjolbai110784, туура айтасын москвада гулжиттин ырларын суйуп угушат. Санат ыры супер!
Комментарийлерди жашыруу
22.04.2014 08:23
Aliyamili
Mirba24, Туура айтасын Казакстанда аябай коп угармандарын талантына таазим жердеш
28.01.2014. 21:38
 zahradia
Соонун ыр экен
28.01.2014. 23:36
 anjella8888
Концертинде бул ырды ырдаганда уну жакшы чыккан экенле. Ырында, талантында соз жок, бирок менимче мр3 си унуно ун жетишбей жатат, дагы иштеп чыкса жакшы болмок. Сапаты анчамес студияда жаздырган окшойт.Ишенем супер ыр болушуна!
29.01.2014. 12:54
 nukesh
Соонун ыр апама угузсам козуно жаш толуп ыйлап алды мага оло тааср берди тарбиялык мааниси ото чон мадалец брат
29.01.2014. 13:12
 tynar92kg
Баркелде унунузго
29.01.2014. 15:01
 KURSHAB
Коз тийбесин аябай сонун ыр экен.
29.01.2014. 20:19
 nsk-mk
качество жок, ырдын устунон иштеген эмес. ме кармап тургула деп койгонго... же чарчадыбы Гулжигит?
16.05.2014 21:56
SayKal1218
nsk-mk, сага жакпаса укпагын.Баарыбызга жакты.
30.01.2014. 01:10
 NADUW
кылымдарга жанырып журо берсин! мыкты ыр!
02.02.2014. 19:48
 Bodibilding
Соонун ыр екен азаматсыз гулжигит байке
04.02.2014. 09:04
 zikbak91
ваше класс слов нет
04.02.2014. 14:47
 nursultan96
ен сонун баа жеткис ыр екен, алга
04.02.2014. 21:38
 anara-anara
Супер инфо сиздерден сураныч ушул ырдын тексттин жазып коюнуздарчы алдын ала рахмат.
04.02.2014. 23:12
 maksol
отто журоктон алынган ыр экен,чын таза журоктон ырдапсызда, мааниси да аябай кушту экен, бар болунуз,эч качан очпонуз Гулжигит байке.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо