Гүлжигит Сатыбеков "Эми мага баары бир"
04:33
8,33 Мб
Жүктөлгөн: 27-01-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.44/5
(39 добуш)
Кечээ тиккен дарагым, мөмө берет дедиңби,
Жерге көмгөн данегим өнө берет дедиңби.
Мына ушинтип базарым өтө берет дедиңби
Айтканымдын баарын эп көрүп
Бул бечара жүрө берет дедиңби

Кайырма:
Үй-бүлөсүн ал кечип тентип кетти дейсиңби,
Мени чанып башканы ээрчип кетти дейсиңби,
Күйүтүнө чыдабай ичип кетти дейсиңби,
Эми, эми мага баары бир
Жоктугума шүгүр дейсиңби
Кеч түшүнүп аттиң дейсиңби

Байчечекей чилдеде гүлдөй берет дедиңби
Ырыскысын кудайым үзбөй берет дедиңби
Акыл айтсам мен сага сүйлөй берет дедиңби
Айтканымдын баарын эп көрүп
Бул селсаяк түтө берет дедиңби,

Үй-бүлөсүн ал кечип тентип кетти дейсиңби,
Мени чанып башканы ээрчип кетти дейсиңби,
Күйүтүнө чыдабай ичип кетти дейсиңби,
Эми, эми мага баары бир
Куйрук эмес буйрук жейсиңби
Кеч түшүнүп аттиң дейсиңби

Кемибестен ырыскым толо берет дедиңби,
Бакыт кушу күндө эле коно берет дедиңби.
Эмне кылсам мен булга боло берет дедиңби
Айтканымдын баарын эп көрүп
Бул бечара жүрө берет дедиңби
Көнө берет дедиңби

Кайырма:

Комментарийлер (166)

07.05.2014. 03:10
 sararat
Азаматсыз чыгармачылыгынызга албын албын ийгиликтер. Жараткан Аллаа таала ден соолук, ыйман жана бактылуулукту берсин. Дагы ушундай маанилуу чыгармаларды жарата бериниз.
10.05.2014. 21:49
 ABDULLA
азаматсын гулжигит онорун оркундой берсин сага чыгармачылыгына ийгиликтер коп коп жарала беришин тилектешмин алга
13.05.2014. 16:16
 dinumdinum
бул озу кимге арналган ыр???
20.06.2014 11:27
Multicam
dinumdinum, аялына эмесби? ??
14.05.2014. 22:56
 Ruslan74
Эн сонун аялдарга сабак боло турган ыр экен
18.05.2014. 18:23
 urmat_88-kg
Соз жок керемет.
19.05.2014. 15:30
 shamilaisan
Oto sonun mykty yr eken iwine iigilik
30.05.2014. 17:08
 ulan1978
ээ дос молодец бирок ушул ырды угуп туруп деле аялдарга бары бир жетпейт экен аялдарга БАРЫ БИР ЭКЕН ДОС
30.05.2014. 17:16
 ulan24
гулжигит мырза ар бир ырды ойлоп жазбай жашап жазат, турмуш тагдыр тарбиялап чыгарган ырчы экен. омурунуз узун болсун
13.07.2014. 12:17
 bakyt-251190
Аябай маанилуу ыр болуптур молодец
23.08.2014. 02:17
 kgz90912011
Айабай сонун ыр екен маанилуу молодец брат алга ийгилик
19.09.2014. 13:55
 asil-08
мен жумушка келип эле кечке ушул ырды угам, озумдун жолдошума кылгандарымды суйлогондорумду эстеп туура эмес кылат экенмин деп ойлоп калдым. Эми озгоруп вообще жаман соз айтпастан анын айткандарын кылганга жана укканга аракет кылып калдым эн сонун жыйынтык болуп жатат.Рахмат сизге Гулжигит аке
01.10.2014. 23:35
 ibo1990
ото соонун ыр Гулжигит ака чоон рахмат бул ыр менен канча адамдарга жардам берип жатасыз кудайым ыраазы болсун
14.10.2014. 23:16
 orhideya26
Карга баласы дидарын кандай деген ыр саптары бар ырды ким ырдайт жана аталышы кандай? ??? Жооп кутом
07.01.2015. 14:01
 izatik
krasav4ik
16.01.2015. 02:36
 patma.mahmud-kyzy
Укмуш сонун ыр, издеп журуп эми таптым.
04.02.2015. 11:28
 Lui
Мага да ушул ыр аябай жагып калды...Мааниси терен!
04.02.2015. 11:29
 Lui
Деги эле, бул байкенин саналуу гана ырын угуп калбасам анча жактыра берчу эмесмин, кечээги концертинен соң, жакшы ырлары көп экенине ынандым. Жакты.
07.03.2015. 00:43
 kadamjai90
Bul yr meninin turmushumdan alyngandai. Sonun yrdapsyz sizge taazim
03.04.2015. 22:45
 malika79
+5
09.06.2015. 15:51
 dastan_nookat
Гулжигит эн мыкты мырзасыз
05.10.2015. 05:18
 chingiz1987
Молоток
27.10.2015. 21:04
 Ledi89
Таалантыныз га таазим !
28.12.2015. 23:36
 laki
Бул ыр Қазақшаға которулуптур!
19.05.2016. 05:19
 bektang
Barakelde
22.09.2016. 11:14
 Mercedes_94
ишенбеймин, ишенбеймин жалгандарга деген кайрыктары бар ырын таппай жатам жардам берип койгулачы ырынын аталышы
10.01.2017. 18:23
 studio_Ulukbek
Мага арналгандай ырго козумо жаш келет бул ырды уксам, Гулжигит ырларын ойноп жазбайт экен башынан отконун чагылдырып анан жарыкка чыгарат экен, озуда токто муноз эн жакшы адам...
23.01.2017. 20:29
 ariet.kaary90
Бул бечара журо берет дебеш керек да
17.12.2017. 23:59
 ernis--90
Ремикс вариантын да жуктоп коюнуздарчы сураныч Алмаз Шаадаев тин аткарусундагын
18.12.2017 09:27
admin_media
ernis--90,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
20.02.2018. 14:38
 Elaman.kok.jangak
Админ Гүлжигит Сатыбековдун оорутуң назик көңүлдүү деген ырын киргизип койгулачы сураныч
20.02.2018 16:46
admin_media
Elaman.kok.jangak,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
04.08.2018. 10:07
 Jar-Bashy98
Казакчасы бар элего админ кайдан тапса болот
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо