Гүлжигит Сатыбеков "Эми мага баары бир"
04:33
8,33 Мб
Жүктөлгөн: 27-01-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.44/5
(39 добуш)
Кечээ тиккен дарагым, мөмө берет дедиңби,
Жерге көмгөн данегим өнө берет дедиңби.
Мына ушинтип базарым өтө берет дедиңби
Айтканымдын баарын эп көрүп
Бул бечара жүрө берет дедиңби

Кайырма:
Үй-бүлөсүн ал кечип тентип кетти дейсиңби,
Мени чанып башканы ээрчип кетти дейсиңби,
Күйүтүнө чыдабай ичип кетти дейсиңби,
Эми, эми мага баары бир
Жоктугума шүгүр дейсиңби
Кеч түшүнүп аттиң дейсиңби

Байчечекей чилдеде гүлдөй берет дедиңби
Ырыскысын кудайым үзбөй берет дедиңби
Акыл айтсам мен сага сүйлөй берет дедиңби
Айтканымдын баарын эп көрүп
Бул селсаяк түтө берет дедиңби,

Үй-бүлөсүн ал кечип тентип кетти дейсиңби,
Мени чанып башканы ээрчип кетти дейсиңби,
Күйүтүнө чыдабай ичип кетти дейсиңби,
Эми, эми мага баары бир
Куйрук эмес буйрук жейсиңби
Кеч түшүнүп аттиң дейсиңби

Кемибестен ырыскым толо берет дедиңби,
Бакыт кушу күндө эле коно берет дедиңби.
Эмне кылсам мен булга боло берет дедиңби
Айтканымдын баарын эп көрүп
Бул бечара жүрө берет дедиңби
Көнө берет дедиңби

Кайырма:

Комментарийлер (166)

31.01.2014. 14:38
 joni_91
Жакшы ыр!!!
01.02.2014. 14:53
 Feride07
Коп ырчылардын арасынан Гулжигит мазмундуу,турмуштан алынган жашоону чагылдырган ырлары менен алдыга суурулуп чыкты.Бек,Сыймык анан Гулжигит силер менен сыймыктанабыз.
01.02.2014. 17:27
 asi95
бул бечара журо берет дединби
01.02.2014. 20:10
 kg_ve4no
Таппасан сыйпалап кал
02.02.2014. 14:30
 sultan-n
супеер маанилуу ыр экен тарбиялык жактарыры кучтуу ыр экен
03.02.2014. 17:58
 mentalist
Гулжигит АКЕ ЕН СОНУН
03.02.2014. 19:12
 asanov.syrgak
мазмундуу ырларды жазат дайым, а бул ыр просто супер!!!
04.02.2014. 00:09
 zz2013zz
азамат таланка таазим
04.02.2014. 14:41
 nursultan96
ен жакшы азаматсыс ийгилик.
04.02.2014. 15:46
 tachkomur
Супер брат айтып мактоо жеткис екен
05.02.2014. 07:56
 timan86
Чыгарган ырын хит болуп жататко чиркин алгаи ийгиликтерди калайм
06.02.2014. 19:17
 Jyrgal_91
Гужигит сага чын журоктон советим сага той ырларын ырдаганга унунда туура келет экен ...Лейлектик кыз деген дей ырлардан
06.02.2014. 20:11
 Boria2014
Аябай журокко тийе турган ыр болуптур, чыныгы насаат ыр деп эсептейм жаш жубайлар учун рахмат ыр красава!
06.02.2014. 21:40
 yakut190
"Кечээ тиккен дарагым, мөмө берет дедиңби,
Жерге көмгөн данегим өнө берет дедиңби.
Мына ушинтип базарым өтө берет дедиңби
Айтканымдын баарын эп көрүп
Бул бечара жүрө берет дедиңби"
Мазмундуу жазылган молодец! Талантына ийгилик дагы ушундай кучтуу ырларды жарата бер!
07.02.2014. 11:13
 admin_media
yakut190,
Саламатсызбы!
Opera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз.
07.02.2014. 16:56
 AikoWka
Укмуш создору, маанилуу. Ийгилик, ушундайыныздан жазбаныз.
08.02.2014. 15:50
 mikasso
эх чындыкты ырдаптыр
09.02.2014. 03:32
 indira.1991
ийгилик сизге Гулжигит байке тажабай угам ырларынызды
09.02.2014. 18:53
 Mekenim_Mederim
Азаматсыз Гулжигит таазим талантынызга!
09.02.2014. 19:09
 bek-rusu
Суппппеееррр Азаматсыз .
10.02.2014. 20:00
 rahat.87
ырга соз жок бирок жалан аккордеон менен аткарган варианты жакшы чыккан эле.
11.02.2014. 16:57
 alchyn94
соонун чыгыптыр
11.02.2014. 19:22
 MiRLan007
Кечээ тиккен дарагым, мөмө берет дедиңби,
Жерге көмгөн данегим өнө берет дедиңби.
Мына ушинтип базарым өтө берет дедиңби
Айтканымдын баарын эп көрүп
Бул бечара жүрө берет дедиңби

Кайырма:
Үй-бүлөсүн ал кечип тентип кетти дейсиңби,
Мени чанып башканы ээрчип кетти дейсиңби,
Күйүтүнө чыдабай
12.02.2014. 09:59
 Aelit
Молодец !!!! Мына ырчы деп ушул жигитти айтса болот,ырлырынын кобу мазмундуу , уну да уккулуктуу. Ырларын тажабай угам. Ар дайым жакшы ырларды жаратып журо бер , талантын осо берсин !
24.03.2014 21:11
jansaya
Aelit, Туура айтасын Гулжигит кээ бир :супер звездаларга: вокалдан бир аз сабак берсе да боло берет
13.02.2014. 22:52
 semei
супер ыр болуптур азамат чыгармачылыгына ийгилик тарбиялык жагыда сонун баракелде!
15.02.2014. 22:15
 aizadaxan
Вааай сонун ыр экен. Супер кж сайты Нурлан Насип менен Аселья Кадырбекованын жаны ырын жуктоп койгулачы. Концерте жакты
18.02.2014. 01:10
 kyrgyz.93
Куйрук деген жерин кошпой эле койбоптурда
18.02.2014. 17:19
 munar85
сонун ыр атин менин тагдырымдын озуго
22.02.2014. 23:18
 nurik838383
азамат гулжигит, журоко жете турган ыр экени талашсыз
23.02.2014. 05:28
 Dodon
мааниси ото терен ыр экен.озунун турмушунан алынган ыр окшойт менимче ушунчалык беерилуу менен ырдаган
28.02.2014 12:51
Adiko..91
кообунчо турмуштан алакткоо деп ойлойм
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо