Гүлжигит Сатыбеков "Эми мага баары бир"
04:33
8,33 Мб
Жүктөлгөн: 27-01-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.44/5
(39 добуш)
Кечээ тиккен дарагым, мөмө берет дедиңби,
Жерге көмгөн данегим өнө берет дедиңби.
Мына ушинтип базарым өтө берет дедиңби
Айтканымдын баарын эп көрүп
Бул бечара жүрө берет дедиңби

Кайырма:
Үй-бүлөсүн ал кечип тентип кетти дейсиңби,
Мени чанып башканы ээрчип кетти дейсиңби,
Күйүтүнө чыдабай ичип кетти дейсиңби,
Эми, эми мага баары бир
Жоктугума шүгүр дейсиңби
Кеч түшүнүп аттиң дейсиңби

Байчечекей чилдеде гүлдөй берет дедиңби
Ырыскысын кудайым үзбөй берет дедиңби
Акыл айтсам мен сага сүйлөй берет дедиңби
Айтканымдын баарын эп көрүп
Бул селсаяк түтө берет дедиңби,

Үй-бүлөсүн ал кечип тентип кетти дейсиңби,
Мени чанып башканы ээрчип кетти дейсиңби,
Күйүтүнө чыдабай ичип кетти дейсиңби,
Эми, эми мага баары бир
Куйрук эмес буйрук жейсиңби
Кеч түшүнүп аттиң дейсиңби

Кемибестен ырыскым толо берет дедиңби,
Бакыт кушу күндө эле коно берет дедиңби.
Эмне кылсам мен булга боло берет дедиңби
Айтканымдын баарын эп көрүп
Бул бечара жүрө берет дедиңби
Көнө берет дедиңби

Кайырма:

Комментарийлер (166)

28.01.2014. 10:59
 Stella_1
Эн жакшы азаматсыз!!
28.01.2014. 11:42
 dosbol
Прелесть подерживаю , номер один в кыргызтане.
28.01.2014. 11:54
 sezim1111
ооо соонун чыгыптыр ийгилик!
28.01.2014. 12:18
 princ
Гулжигит жакшы эн сонун
28.01.2014. 12:36
 akiw
жакшы ыр экен
28.01.2014. 12:40
 Daiyr.95.04.11
Super.Yr kurjununuz myndanda mykty yrlar menen toluktanuusuna chyn yklasymdan tilekteshmin baike,iigilik
28.01.2014. 14:29
 Тынчтыкбек Айылчиев
Гулжигит брат элге сабак болчуу ырлардан болуптур ийгилик каалайм
28.01.2014. 15:25
 Aibek-312
сонун ыр болуптур
28.01.2014. 15:27
 taalai16
жакшы ыр бирок башкача аранжировка кылса болмок
28.01.2014. 15:35
 zikbak91
сонун ыр алга алга брат
28.01.2014. 18:11
 adidas07
супер.тажабайсын кайра кайра уксанда.
28.01.2014. 21:34
 Mirba24
Бир айдан бери куттуп жаткам. Мыкты ыр! Оранжировкасын да мыкты жасаса болмок.
28.01.2014. 22:45
 Nurbek95
Мыкты ыр
28.01.2014. 23:30
 Bekenova
супппееер!!! ээнн мыкты!!!
28.01.2014. 23:46
 anjella8888
Гулжигит байке неге концерттегидей журоктон ырдаган жоксуз мр3 син? Менин музыкалык билимим жок, бирок кандайдыр бир ТОН жетишбей жатат. Кайра иштеп чыксаныз жакшы болмок. Туболуктуу омуру узун ырлар. Аша чапсам кечирим сурайм. Ырларыныз супер!
29.01.2014. 02:55
 barabei
ой рахат аке
29.01.2014. 03:28
 Gul.08
Сонун ыр экен)) ырдын аты жакпады
29.01.2014. 09:35
 pront
Менин тагдырымды айткандай, создорун жазсанар аялыма салып жиберейин.
29.01.2014. 12:49
 nukesh
талантынызга таазим соонун ыр чыныгы таланттын ээси Гулжигит Сатыбеков
29.01.2014. 13:09
 tynar92kg
Эн сонун ыр
29.01.2014. 14:55
 KURSHAB
ГуЛжигит малочик брат.
29.01.2014. 16:26
 Bilal2605
Гулжигит азамат мазмындуу ыр болуптур рахмат.
29.01.2014. 17:22
 Nursultan.m.n
Жоктугума шүгүр дейсиңби
Кеч түшүнүп аттиң дейсиңби
29.01.2014. 17:23
 kinaza
Создору жакшы экен
29.01.2014. 20:27
 orxidea10
уй булоодо казан аяк кагышуу деген ар турдуу проблемалардан улам болуп турат.мына ошондо баардык нерсеге карабай адам корбогон кулак укпаган жакка кеткин келип калган убактар да болбой койбойт.турмушта болгон нерселерди чагылдырган ыр.маанилуу. Акыл айтсам сен мага суйлой берет дединби.
29.01.2014. 23:59
 aikadaika1993
супер инфо гулжигиттин айзирек деген ырында жуктоп койгулачы
30.01.2014. 03:03
 kilim
,ушундай ырларды коп жазса экен гулжигит байкеден сабак алып башкалар
30.01.2014. 19:00
 aske27
жакты жакшы экен.онорун осо берсин
30.01.2014. 22:38
 piramida
ишинизге ийгилик байке коптогон ырларды жарата берин
31.01.2014. 05:32
 ermo1991
Супер молодец Гулжигит байке ийгилик!!!!!
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо