Гүлжигит Сатыбеков "Эми мага баары бир"
04:33
8,33 Мб
Жүктөлгөн: 27-01-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.44/5
(39 добуш)
Кечээ тиккен дарагым, мөмө берет дедиңби,
Жерге көмгөн данегим өнө берет дедиңби.
Мына ушинтип базарым өтө берет дедиңби
Айтканымдын баарын эп көрүп
Бул бечара жүрө берет дедиңби

Кайырма:
Үй-бүлөсүн ал кечип тентип кетти дейсиңби,
Мени чанып башканы ээрчип кетти дейсиңби,
Күйүтүнө чыдабай ичип кетти дейсиңби,
Эми, эми мага баары бир
Жоктугума шүгүр дейсиңби
Кеч түшүнүп аттиң дейсиңби

Байчечекей чилдеде гүлдөй берет дедиңби
Ырыскысын кудайым үзбөй берет дедиңби
Акыл айтсам мен сага сүйлөй берет дедиңби
Айтканымдын баарын эп көрүп
Бул селсаяк түтө берет дедиңби,

Үй-бүлөсүн ал кечип тентип кетти дейсиңби,
Мени чанып башканы ээрчип кетти дейсиңби,
Күйүтүнө чыдабай ичип кетти дейсиңби,
Эми, эми мага баары бир
Куйрук эмес буйрук жейсиңби
Кеч түшүнүп аттиң дейсиңби

Кемибестен ырыскым толо берет дедиңби,
Бакыт кушу күндө эле коно берет дедиңби.
Эмне кылсам мен булга боло берет дедиңби
Айтканымдын баарын эп көрүп
Бул бечара жүрө берет дедиңби
Көнө берет дедиңби

Кайырма:

Комментарийлер (166)

27.01.2014. 16:38
 Destro
айылдашым болот менин соонун ыр алга брат кудай колдосун....

27.01.2014. 16:48
 aylun
ээми укмуш....жакты... бүгүн баш кошуп, эртең ажырашкандарга жакшы акыл айтылыптыр...
27.01.2014. 17:00
 Jakusya
Гүлжигит байке ызааланып ырдагандай сезилди. Аябай жакты...
Акыл айтсам мен сага сүйлөй берет, дедиңби....
27.01.2014 20:24
peri-jan
Jakusya, Emnege ele oshondoy dey beresiner yzalanyp yrdadyy, turmushuga baylanyshtuu dep ele. yrchy bir gana yrdabayt artist al adamdarga oshol yrdagan yryn jetkiliktuu kylyp yrdashy kerek shok bolso shok biylep adamdar oynoy turgan kylyp,a kaygyluu bolso kaygyryp ozu kosho yr menen jetkiret.
Комментарийлерди жашыруу
27.01.2014 23:33
bander
peri-jan, озу концертинде айтпадыбы менде да бир арманым бар ырдайын деп, демек оз тагдырынан да.
27.01.2014. 17:17
 Uson.91
Ушул ырынды yamaha менен ырдасан жакшы болот беле
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо