Мирбек Атабеков "Барам сага"
03:44
5,18 Мб
Жүктөлгөн: 10-03-2014
Жанр: Поп
Сөзү:Алмаш Чойбекова
Обону:Кадыралы Артыков
Көчүрүү
  • Currently 4.48/5
(29 добуш)
Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде.
Cаамайларын cеңселткен ак кайыңдар,
Самашып сагынычымды,
Самашып сагынычымды уккан кезде,
Барам сага.

Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде,
Ак жамгыр нөшөрлөтө төккөн кезде.
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз,
Көп күндөр арабыздан,
Көп күндөр арабыздан өткөн кезде,
Барам сага.

Ширесин карагаттар чачкан кезде,
Ажарын жоогазындар ачкан кезде.
Кучактап бейкутчулук түн коюнун,
Күн нуру уясына,
Күн нуру уясына баткан кезде,
Барам сага.

Гүлдөргө аарыларың конгон кезде,
Бал чөбүн Ой-Алманын соргон кезде.
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей,
Алтын ай асмандагы,
Алтын ай асмандагы толгон кезде,
Барам сага, барам сага.

Комментарийлер (45)

10.03.2014. 16:05
 NBAA
dostor Mirbek Atabekovdon dagy bir soonun Hit yr))) soonun yrdagan )) aranjirovkaaa baary top kelgen))))molodes Mirbek
10.03.2014. 17:37
 МАЛЫШ
Супер инфо ушу ырды Нурлан Насип ырдаганын жуктоп койгулачы сураныч. mp3 формат болсо жее видеосу болсо деле болот
10.03.2014 18:38
NBAA
МАЛЫШ, NUrlan Nasibin yrdagan emes bul yrdy )))) yrdai albaitkoo menim4e unu jetpei,,,,
Комментарийлерди жашыруу
12.03.2014 00:59
aitemir1992
NBAA, Нурлан Насип концертинде аккордеон менен ещё живой ырдаган
19.06.2014 22:26
sambo
NBAA, Нурлан Насип менен чого жүргөнсүп айткансың го. Өзүң ырдай албагандан кийин башка бирөөгө сын такпа да...
01.09.2014 17:20
joodar.kg
NBAA, Нурлан Насип ырдаган жеке концертинде,андыктан корбогондон кийин талашпаныз.
10.03.2014 19:44
nlo92
МАЛЫШ,Чынында Нурландын да таланты кучтуу. Бирок бул ырга уну жетпейтко.
10.03.2014. 19:40
 laki
Сонун ырдаптыр,жакты аябай!
10.03.2014. 19:44
 Real_Madrid95
Азамат Атабеков! Эң соонун ыр. Жакшы болуптур бул чыгарма.
10.03.2014. 20:02
 bodrum
Абдан сонун!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо