Жолдошбек Мамажанов "Сүрөтүңө"
04:46
4,37 Мб
Жүктөлгөн: 24-02-2010
Сөзү:Ж. Садыковдуку
Обону:Ж. Мамажановдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.71/5
(17 добуш)
Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт,
Сакталуу ошол бойдон менде жүрөт.
Тиктешиң тамашалап турган өңдүү,
Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп.
Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп.

Күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк,
Сезимге бир башкача ой түшүрөт.
Өкүнөм сен кайрылбай кеткениңе,
Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.
Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.

Өппөдүм мен өппөйүн, өкүнүч көп,
Мени алдап түшүмө окшоп кеттиң жөнөп.
Байкатпай мурдагыдай жүргөндүрсүң,
Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.
Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.

Эгерде бирөө болсо менден бөлөк,
Же тытып сүрөтүңдү же өрттөмөк.
Мен тытпайм, күнөө сенде сүрөттө эмес,
Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.
Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.

Комментарийлер (49)

24.02.2010. 19:11
 super
Тексттеги "2 жолу" деген жазуулардын ордуна эки жолу кайталап эле жазып койсо болмок экен... :(
24.02.2010. 19:18
 super
Жолдошбек агабыздын жаны жаннаттан орун алсын. Жакындарына жана күйөрмандарына көңүл айтам...
25.02.2010. 10:44
 Azura
Жайы жаннаттан болсун!
27.02.2010. 05:52
 Tokmok
Nostalgie...
27.02.2010. 06:41
 Demon
кочуруп алууга батырак эле уруксат бергилечи ...
27.02.2010. 16:51
 Мелисбек
Жаткан жери жайлуу болсун.
27.02.2010. 16:52
 Мелисбек
Бул ыр кимде болсо msm84@list.ru жонотуп койгулачы сураныч.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо