Арсен "Арманым"
Жанр:Поп
00:05:05
60,25 Мб
Жүктөлгөн: 17-03-2014


Муздак кадамым,
Жолуң издеп, жолукканда кандай пайда табамын?
Алыс карааның,
Сагынамын, бүтпөй келет арманым.

Жолуккан бактым,
Айтчы, неге соолуп калды гүлү күткөн таңдардын?
Тарттым азабым,
Табышкан күндөрүм билбей жалганын.

Кайырма:
Арманым,
Сага жете албай калып зар болдум.
Айласыздан таппай келем жолдорум,
Жүрөк ыйлап, сенсиз жалгыз калдым, жаным.

Кеттиң теңебей,
Сүйүүм күчөп таарынамын, тагдыр, себебин билбей.
Балким, сен мендей,
Жүргөндүрсүң күтүп сүйүүңдү сезбей.

Элесиң кетпей,
Оюм жетип, бирок, жаным, сага бир өзүм жетпей.
Жүрөктөн эңсей,
Жашап келем үмүт менен сени эстей...

Кайырма:
  • Currently 4.40/5
(15 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (53)

17.03.2014. 18:22
 aika_sv
Ммм бизде азыркы учурда Индия популярдуу болуп жатат ээ, Индияда тартылганбы дейм.Кооз жер экен. Ыр орто.
17.03.2014. 20:51
 mega.love
Эх суйуу... кантсем болот секелек кызды суйуп калдым...
17.03.2014. 21:04
 Letty
Арсендин клиптери баары сапаттуу,кызыктуу.Коп кинолордун саундтректерин Арсен ырдап калды го. Жакты!
15.05.2014 00:21
nietkabyl
Эмне дейм орто
17.03.2014. 21:10
 laki
Ыр сонун , клипке сөз жок! Ушул ыр менен ооруп жүрөм
17.03.2014. 22:02
 Tatishka
мммм да
17.03.2014. 22:45
 spanchik
skuchnyak eken...
17.03.2014. 23:03
 peri...97
Арсен коп ырлары супсак,бул ырынын созу мынча жон эле жазып койгондой.кичине изденуу деген болуш керекта....зеериктирип жиберет экен.....ийгилик дагыда жакшы ырларды кутобуз...
17.03.2014. 23:42
 men_aman
Убакыт жалко!!!
18.03.2014. 04:13
 byityk
Супер ! Сонун экен мага жакты )))
18.03.2014. 04:21
 nlo92
ТУУГАНДАР, силерден башка кайрылаар эч кимим калбады. "Где моя Малика, где принцесса моя" деген ырдын аталышы кандай эле? Ким ырдайт эле жазып койсонор соонун болмок. Алдын ала чоон рахмат!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: