Эрнест Бөрүбаев "Сиз жөнүндө"
Жанр:Поп
00:03:48
48,02 Мб
Жүктөлгөн: 14-04-2014


Сөзү:Сатканбай Момуналиев
Обону:Түмөнбай Колдошов

Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Кат да жазбайм кубанычтуу, кусалуу.
Сымбатыңыз суктандырып турса да,
Жүрөгүңүз, эркиңиз да тушалуу.

Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Кечириңиз, тынчыңызды алдым көп.
Сезимиңиз сенектигин байкабай,
Тажатыпмын айта берип сүйөм деп.

Ырлар жазбайм сагынычтуу, кусалуу,
Күнөөлөбөйм сүйбөдү деп сизди мен.
Сезим жанбоо - бактысыздык, чоң кайгы,
Сүйүп, зарлоо чоң бакыт деп түшүнөм.

Сиз мендиксиз, мендик дагы эмессиз,
Сезим, ойлор бирге, бирок бөлөкпүз.
Сагындырып, саргайтканыңыз үчүн,
Сүйөмүн да, жек көрөмүн сизди эпсиз.
  • Currently 4.91/5
(67 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (116)

19.04.2014. 14:34
 ay.zi
Ырдын музмуну да клип да супер)
25.04.2014. 16:37
 Эрнест Бөрүбаев
Рахмат чон
25.04.2014. 22:26
 zika
Актер жана уй-булосу жонундо маалымат берип койсонуздар
26.04.2014. 05:34
 maks.kg.11
Супер инфо ушул ырдын mp3 барбы?
27.04.2014. 20:27
 zika
актер жонундо маалымат алса болобу
01.05.2014. 08:59
 Gulnazi
молодцы
01.05.2014. 16:24
 Oi_pikir
Актер бала жөн эле лапуся гоо, жакты!
12.05.2014. 01:17
 Aike0909
азаматсын телегейи топ келген оорундуу суйлогону жаш болсо да озун алып журушу менен коптогон артистерге улгу болсо керек ишине ийгилик. азыр алыстабыз барсак тойго чакырам интернеттен бир тойду тейлегенинди коргом
22.05.2014. 01:55
 Elmara
Ушул ырды уккандан тажабайм.Клиби да сонун болуптур.Эрнис азаматсын!Москвадагы концертинен кийин ооруп калдым ушул ыр менен!!!
22.05.2014. 14:04
 meerimjan89
Эрнест мага эми yr жазбайт экен. мага таарындынызбы
15.06.2014. 19:23
 Эрнест Бөрүбаев
баарыныздарга чон рахмат кубанычтамын
19.07.2014. 14:23
 ulik.2014
Актер бала Аман ал Кр.га таанымал тамада.
20.07.2014. 21:09
 anya
Эмне клиптин баары окшош же кыргыздын баардык кыздары ушундай болуп кетти беле?
29.07.2014. 05:01
 Gul.08
Мына ушул ырды ыр деп укса болот,молодец Эрнист байке ийгилик )))
30.07.2014. 16:11
 Aelita_osh
Soz jok! Sonun klip bolgon,Ernest ake azamatsyz!!! Dagy da alga umtula beriniz,sizdi aldyda koptogon iigilikter kutup turat.
30.07.2014. 16:45
 Ayselim
Yr sonun
30.07.2014. 20:06
 ms.byityk
Жылдан супер клии наамына татыктуу клип !!! Байков алга
31.07.2014. 05:24
 zeet
Супер братан ийгилик сизге
03.08.2014. 13:38
 TolonturCN
Супер! Эрнис ага досумду колдоюм.
03.08.2014. 14:44
 obon
Эң сонун ыр болуптур мага абдан жакты килипда ырда ийгилик сизге эрнист байке+5
03.08.2014. 15:00
 Comedian
беракелдее Эрнис досум ырын жана клибин аябай манилуу чыгыптыр. азаматсын онорун оркундой берсин!
04.08.2014. 14:44
 Feijipiao
Соонун ыр мага жакты аябай.Ийгилик сизге Эрнест мырза!!!
07.08.2014. 00:22
 zhyzel
Азаматсыз, тогорогу топ келишкен деп, мына ушуну айт,ырдын мазмуну жана клип мыкты денгээлде,эн жакшы,молодец Эрнис байке!!!
07.08.2014. 00:24
 zhyzel
Супер +100%
07.08.2014. 03:25
 jfj
Красавчик брат удачи
07.08.2014. 03:31
 aizuma
Мен бул ырды аябай суйом.себеби мага да тиешелуу
07.08.2014. 09:37
 admin_superstan
kama_future_millioner, бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөргө тыюу салынган!
Билдирүүңүз өчүрүлдү.
09.08.2014. 17:33
 timan.86
Менден супер добуш
10.08.2014. 18:50
 Damir_Narmatov
Ырыда клибида сонун
12.08.2014. 13:11
 kuba79
тарбиялык мааниси ото терен клип болуптур,бул жигиттин талантын уй булобуз менен баалайбыз
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: