Эрнест Бөрүбаев "Сиз жөнүндө"
Жанр:Поп
00:03:48
48,02 Мб
Жүктөлгөн: 14-04-2014


Сөзү:Сатканбай Момуналиев
Обону:Түмөнбай Колдошов

Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Кат да жазбайм кубанычтуу, кусалуу.
Сымбатыңыз суктандырып турса да,
Жүрөгүңүз, эркиңиз да тушалуу.

Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Кечириңиз, тынчыңызды алдым көп.
Сезимиңиз сенектигин байкабай,
Тажатыпмын айта берип сүйөм деп.

Ырлар жазбайм сагынычтуу, кусалуу,
Күнөөлөбөйм сүйбөдү деп сизди мен.
Сезим жанбоо - бактысыздык, чоң кайгы,
Сүйүп, зарлоо чоң бакыт деп түшүнөм.

Сиз мендиксиз, мендик дагы эмессиз,
Сезим, ойлор бирге, бирок бөлөкпүз.
Сагындырып, саргайтканыңыз үчүн,
Сүйөмүн да, жек көрөмүн сизди эпсиз.
  • Currently 4.91/5
(67 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (116)

15.04.2014. 09:27
 Jakusya
Жакшы клип болуптур... Ырдын создору сооонун экен.
15.04.2014. 09:29
 admin_media
Global,
Саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатат?
23.06.2014 15:01
Samandar
admin_media, Тургуналы нурматовтун
18 менен 20 ойундун бийик кырында деп башталган ырын жуктоп коесуздарбы сураныч,жаштык ыры болуш керек.рахмат
23.06.2014 15:27
admin_superstan
Samandar, аракет кылабыз.
15.04.2014. 09:40
 Guli.K.E.
Супер !!!!
15.04.2014. 10:21
 MaRmeLaDka
Эрнист байке, жакшы аткарыпсыз. Ырчылыкты алып кетсеңиз ийгилик жаратасыз деп ойлойм. Ийгилик сизге.
15.04.2014. 10:29
 bakytmirza
Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев, Түгөлбай Казаковдордон кийин уучубуз куру эмес экени билинип турат. Түмөнбай Колдошев жакшы чыгып келе жатат. Обондорунун кайрыктары да өзгөчө. Ырдын текстине өтө кылдат карап, анан обон жаратат. Бул ырды Түмөнбай өзү Эрниске караганда өтө мыкты аткарган. Үнү да өзгөчө. Супер-инфо, мүмкүнчүлүк болсо Түм}
15.04.2014. 10:34
 bakytmirza
Супер-инфо, мүмкүнчүлүк болсо Түмөнбай Колдошевдин өзүнүн аткаруусундагы ырларды сайтыңарга жүтөп койсоңор абдан жакшыц болмок
15.04.2014 11:04
admin_media
bakytmirza,
Саламатсызбы! Шилтеме менен кириңиз, http://www.super.kg/media/?search_term=түмөнбай&search_author=0&media_search=1&x=0&y=0
15.04.2014. 12:20
 admin_media
Nurik_UFC,
Саламатсызбы!
Бизде колдонуучунун 15 мүнөт ичинде 10 файл көчүрүп алуу мүмкүнчүлүгү бар (видео же аудио болсо да). Эгерде 10дон ашып кетсе, "Медиа-порталдын" негизги бетине ыргытып салат. Бир аз убакыт өткөрүп, анан көчүрсөңүз болот.
15.04.2014. 12:52
 bakytmirza
Чооң рахмат! Баарын көчүруп алайын эми
15.04.2014. 14:31
 ilyaz78
Аман актер болуп кеткен го!
15.04.2014. 15:15
 Daiza
Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Катта жазбайм кубанычтуу, кусалуу.
Сымбатыңыз суктандырып турсада,
Жүрөгүңүз эркиңизда тушалуу...
15.04.2014. 15:38
 doni89
Соонун ыр соонун клип болуптурго обонуга ырдын слзуно жарашыктуу...ийгилик сизге брат.
15.04.2014. 15:42
 byityk
Эрнест брат супееееееееееееер
15.04.2014. 16:05
 turatbekovna81
Баракелдее мына сага клипп! Молодец Эрнест аз убакыттын ичинде болуп жаткан жашоону корсотуп коюпсун.Ырды болсо канча уксак да тойбой уга беребиз. Ийгилик +5555555555
15.04.2014. 23:19
 13-nazi
Сонун клип болуптур, ырдын мааниси да жакшы экен, сизге ийгилик..
15.04.2014. 23:29
 bopos
мм.сонун экен,бирок жигитке боорум ооруду.
16.04.2014. 14:21
 jigit.85
Талантуу деп Эрнис байкедей бардык жактан топ келген адамдарбы айтса болот...Чыгармачылык ишинизге ийгилик каалайм!
16.04.2014. 14:56
 Aelit
Мааниси ото чон клип болуптур , азыркы заманда ушундай клипке окшогон тагдырлар ото коп . Бул окунучтуу.....Эх.....
16.04.2014. 16:24
 bairam09
азаматсын Эрнест ырга клипке соз жок 5555 Назира соннун ойноптур азамат талантуу кыз
16.04.2014. 18:43
 Rolankgb
Борубайдын небереси ийгилик брат
16.04.2014. 20:35
 Barpy11
Азаматсыз Эрнест байке клип эн мыкты дээнгелде тартылыптыр.+5555
17.04.2014. 02:38
 nurziya
суппер соз жок мага олло жакты
17.04.2014. 09:32
 admin_media
Baktyluumun,
Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат! Эскертүү!
17.04.2014. 15:04
 Xperiaedil
Клип да ыр да сонун ишинизге ийгилик
17.04.2014. 23:30
 Эрнест Бөрүбаев
Чоон рахмат баарыныздарга ыразычылык билдирем Алла ыраазы болсун
17.04.2014. 23:44
 nurperishka05
мага ыр да клип да жактыы уккулуктуу ыр экен эрнест байке сизге чыгармачылык ийгилик
18.04.2014. 13:28
 Aselina_kg
Азаматсыз.Соппсонун клип болуптур.Ырга соз жок.
18.04.2014. 15:19
 noman.93
Сонунго клип кайгылуу екен
18.04.2014. 22:02
 gulmaray
Жакшы ыр,клип дагы жакты.Музыкалык билими барлар ушундай уккулуктуу ырдашат.
18.04.2014. 23:43
 Musio
Эн сонун клип эн сонун ыр 5++++++++ жана 10++++++ соз жок! Ийгилик Эрнестке!!!
19.04.2014. 13:58
 Muktar.baatyrjigit
Кулуктун тери кургабайт сулуунун ... Кургабайт деген макал бекеринен айтылбаган да
19.04.2014 15:20
mikinookat
Muktar.baatyrjigit, ой тоооооообооо
21.05.2014 11:14
mikinookat
Muktar.baatyrjigit, (((
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: