Ильяз Абдыразаков "Бир өзүңө"
Жанр:Поп
00:03:22
40,23 Мб
Жүктөлгөн: 07-05-2014


Сөзү:Ш.Бөрүкуловдуку
Обону:И.Абдыразаковдуку

Сагындым сени, жаным, ардагым,
"Сагынбаймын" деп өзүмдү алдаймын.
Сагынып канча көргүм келсе да,
Сага билгизбей санаа тартамын.

Кайырма:
"Сүйөмүн" деп айта албадым,
Же артыңдан мен бара албадым.
Жүрөк ыйлап, сыздап жүрсөм да,
Бир өзүңө мен кайта албадым.

Сен дагы мени сагындың бекен?
Же мен жөнүндө унуттуң беле?
Караңгы каптап сенсиз дүйнөмдү,
Арманда сыздайт алсыз жүрөгүм.

Кайырма:
"Сүйөмүн" деп айта албадым,
Же артыңдан мен бара албадым.
Жүрөк ыйлап, сыздап жүрсөм да,
Бир өзүңө мен кайта албадым.
  • Currently 4.52/5
(29 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (154)

07.05.2014. 18:35
 Sarabanda
Ильяз азаматсын!!1
07.05.2014. 19:27
 peri...97
Эээээх сууупер ыр сууупер клип соз жок....Иляз уйлонсода чыгармачылыгын аксатып койгон жок Азамат...
07.05.2014. 20:06
 Karloseltapo2010
Кыз чындап эле текеша текеша экен казашка го дейм. Ал кызга эмне болгон экен дейм Ильяз ырдап кала берди го.
07.05.2014. 20:38
 Bella-life
өлө сонун, жүрөкө тыз тыз тийген ыр болуптургой .
ырды коллекцияма кошуп коёюн эми=))
С-Инфо музыка угуп жатканда башка страничкага өткөндө,музыка өчпөгөндөй кылгылачы,
абдан жакшы болмок, мисалы как в однокл.
08.05.2014 10:23
admin_superstan
Bella-life, Саламатсызбы!
Сунушуңуз эсибизде болот. Рахмат!
07.05.2014. 20:49
 azhibaeva.2012
биринчи угушум жакшы ыр экен.Ийилик чыгармана
07.05.2014. 21:18
 Aikoo2014
Молдавиянынбы гректердинби бир ыры бар эле,музыкасы ошого окшош экен.
07.05.2014. 21:33
 tebessum
Ilyaz talantyna soz jok dechi en negizgi baylyk jana jetishkendik ui buloo ekenin unutpayly. Klipterinde bashka kaarmandardy tartsan dele bolot da. Ozundun suykaygan ayalyn bar. Ayal jurogu nazik, kyzganchaak kelet. Konulun oorutpa. Silerge ui bulooluk bakyt kaalaym.
07.05.2014. 21:38
 МИЯ
Кыз казашка,аты Назым. Актриса,ырчы
07.05.2014. 22:05
 ulukbek
cупер
07.05.2014. 22:15
 Nargiza.kb.90
Ильязды аялы жакшы багып атса керек кичине толуп калыптыр!тфу тфу коз тийбесин!Класс!Ийгилик....!
07.05.2014. 22:35
 NADUW
ар бир нерсесин кылдаттык менен иштеп чыгыптыр! азаматсыз! мыкты клиптердин катарында!
07.05.2014. 23:12
 AKULAYKA11
супер
08.05.2014. 00:28
 aygerimka
Ыры жагат мага. Казакстанда тартылган го . Бирок чынында клиби дал келбей калыптыр ырына. Ошентсе да Ильяздын талантын баалайм.
08.05.2014 02:57
moviemaker4
aygerimka, dal kelip ele sopsonun boluptur maga jakty!!!ehhh jan ergitet eken, kaira kaira koroturgan klip eken kyzda abdan tatynakai eken kork beriptir iigilik kaalaim 5+!!!
08.05.2014. 01:28
 alai.gulcha94
И сонун ырдаптырго
08.05.2014. 01:38
 zhenishmyrza
браво.
08.05.2014. 02:08
 asi95
Клип жакшы болуптур. бирок кыздын алма жеген жери жакпай калды)))
08.05.2014. 02:12
 muslim7
плагиат ырго
08.05.2014. 03:28
 Altysh_Boldush
жакшы ыр, жакшы клип жаратыпсын рахмат сана ильяз! коптон бери кутуп журот элем клипти. уйкумда ачылып кетиго коргондо. сенден коп ырларды клиптерди кутобуз буйруса! коз тийбесин бактылуу бол жубайын менен ылайым!!! алга ильяз, алга кыргызстан!!!!
08.05.2014. 05:59
 Biinura
Азамат, Ильяз! Укмуш ыр жаратыпсын.
08.05.2014. 09:09
 aika_sv
Азамат Ильяз. Жакшы ыр экен.
08.05.2014. 09:20
 HEIIO.KG
Мм жакшы супер болуптур,болгону Ильяз казак кызды суйуйп калган корунот
08.05.2014. 09:21
 Almaz-93
Сонун. Астанадан тартсан мындан да жакшы болмок
08.05.2014. 10:37
 aguni
Эхххх... журокту оорутатго.
08.05.2014. 11:01
 Akshumkar
БМВ М5, он жак бампери сынык экен ямага кирип кеткен гоо ээээ
08.05.2014. 11:09
 jasi
Эмне Ильяз акыркы клиптерин жалан эле тоодо, жолдо машина айдап тартып калган. Анан ырына клип дал келбей калыптыр, башкачараак сценарий ойлоп тапса болмок.
08.05.2014. 12:43
 gul_rus
Ыр сооонунго клипте кыздын алма жеген жери магада жакпады
08.05.2014. 12:49
 Azamat295
Соонун ырлардын бири.
08.05.2014. 13:19
 Made_in_Mama
Алматынын сонун жерлери бар гоо. Ошончо баргандан кийин кооз жерлерде клип тартса болмок...
08.05.2014. 14:42
 suyom_seni
Супппппппперрр Укмуш+++
08.05.2014. 14:50
 Oolokon
кыз кайда кеттип калды, эч тушунбой калдым
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: