Каныкей "Кара чаң"
03:00
5,5 Мб
Жүктөлгөн: 15-03-2010
Сөзү:К.Алымбекованыкы
Обону:К.Алымбекованыкы
Көчүрүү
  • Currently 4.29/5
(7 добуш)
Каргалар кара нанга,
Кол шилтеп конбойт.
Кара чаң конгон жайга,
Кимдер гана корголобойт.

Айрылышка жол калган,
Аргасызга арналган.
Жаралар көп, жаралар көп,
Айыпсыз армандар төп.

Кайырмасы:
Жаралар көп, жаргычтан көп,
Жер эне сыздаган.
Жаралар көп, жаргычтан көп,
Айыпсыз армандар төп.

Куурчактар билбейт жанды,
Кара жыгач сезет аны.
Картайган эч бир түн жок,
Кайрылган күн көзү чок.

Айрылышка жол калган,
Аргасыз арналган.
Жаралар көп, жаралар көп,
Айыпсыз армандар төп.

Кайырмасы:
Жаралар көп, жаргычтан көп,
Жер эне сыздаган.
Жаралар көп, жаргычтан көп,
Айыпсыз армандар төп,

Комментарийлер (49)

15.03.2010. 14:30
 Colt45
ыр жакты, жакшы экен)))
15.03.2010. 16:05
 Толик Сынчы
Каныкейде талант бар, аны эч ким танбайт. Бирок акыркы кезде озу ойлоп тапкан создоруно тушуно албай айлам кетип атыр. Мисалы, носонте, сарала, кара чан. Эмне деген маани бар экенин озунон сурап билет окшойм. Сарала... мумкун жылкы ону деген онуттодур. Бирок кара чан ким же эмне? Айтор, суроолор жаралды.
15.03.2010. 16:14
 DJMYRZA
Абдан сонун ыр!!! 100 пайыз хит болуптур!

Толик Сынчы: билбейм, мен ырдын создоруно баарына тушуном. Каныкейдин элге озунун тарыхын эмес, дегеле ааламда болуп жаткан нерселердин манызын жеткирейин деп жатат го имиш.
Ар бир киши ушул ырларды журокко жакындатса, озунун ошол кишиге жакын манызы пайда болот. Мага бул ырлар озгочо маанилуу, озгочо жакын
15.03.2010. 17:42
 Айзиля
Кара чан дегенди чечмелеп коюнуздарчы, анан армандар т8п дегенди, тушунбой жатам.
15.03.2010. 23:20
 Demon
бул ырчы кыз чынында эле табышмактуу создорду ырларында коп колдонот. бирок ошонусу менен оригиналдуу, уникалдуу да ырлары... мага да аяяябай жакты...
16.03.2010. 02:09
 Адам
Ээээээээх Каныкей!!!
Аззаматсың! Мен сени менен эми сыймыктана баштадым. Мен чет өлкөдө жашагандыгым үчүн, аларга бизде "ушундай мыкты" ырчылар бар деп айтканда мурда Гүлнур Сатылганованы гана көрсөтүп келген болсом, мындан ары ага кошуп сени да көрсөтүп жатам. Силер экөөңөр кыргыздын намысын коргошуңарга терең ишенем.
***
16.03.2010. 02:09
 Адам
***
Чындыгында акыркы кездерде ырларынын аталышы кызыктай болуп баратат. Ал эмнени түшүндүрөт десе, мен да кыйналып жатам, которуп айтып берүүдө, Каныкей.
16.03.2010. 02:40
 Tokmok
super, syrduu, tabyshmakduuuuu,bir bashkacha ...
Azamatsyn, iyigilik!!!!! g:Tokio Hotel 2!!!
16.03.2010. 02:53
 Адам
Ырдын маанисин барыбир Каныкей түшүндүрүп берет болуш керек. Ошентсе да мен маанисин табууга аракет кылдым. "Кара чан" - бул "сүйкүмсүз, баа берилбеген" деген маанини туюнтат экен.
16.03.2010. 03:13
 Elgiza
WOOOW SUPER! Kanikey Azamatsyn!!! Suranych kochurgongo uruksat kilip koygulachi.! Rakmat Super info!!
16.03.2010. 09:47
 Miya
Ыр супер экен!!!
Мага аябай жакты. Каныкей сага ийгилик!!!
16.03.2010. 13:09
 andormeda
Каныкейдин табышмактуулугу жагат мага...ишине ийгилик!
16.03.2010. 17:57
 KubaBuba
Кара чан деген кыргыздар тушунбосонор (Черная пыль)деген!!!! Аййй Кыргыздар Кыргыздар!! Озунордун тилинерди унутуп кайда баратасынар???
16.03.2010. 18:02
 KubaBuba
Ал эми Каныкей болсо афиристик кылып жатат. Уну копьютер менен керектю абалга жеткирет экен(корунуп эле турат.), ырларынын обону да окшош бирбирине адашып башып айланып калды.
17.03.2010. 09:51
 DJMYRZA
KubaBuba - сен музыкантсынбы? профессиональный звукорежиссерсунбу? Даана угулуп турбайбы эч кандай чон обработка болгон эмес. Жон гана унун туздоп мастеринг кылган. Коросунго концерт болгондо ал тируулой ырдап чыгат.

Менин оюмча бул экологиянын бузулушу жонундогу ыр
19.03.2010. 08:53
 aku
obondoru baary ele biri birine okshoshup baratat,komentaryilerdi okup maanisin kichine tushundum
21.03.2010. 16:53
 kapkaida
Каныкейдин ырлары башкалардыкынан чындыгында мааниси менен да обондору менен да айырмаланат. Башка кыргыз ырчылары бир гана уч тема жонундо ырдашат, маселен: суйуу, ата-эне жана мекен тууралуу. Ал эми Каныкейдин ар бир ыры ар кандай теманы которуп чыгат. Кара-Чан бул айлана чойро булганып кара чанга батып жатканы тууралуу ыр окшойт.
21.03.2010. 16:56
 kapkaida
Жаралар коп, жаргычтар коп дейт ырында, бул Жер Эненин жарасы кобойуп жатат, ал жараны жаргычтар (адамдар) жазап жатат деген мааниде ырдап жатат.
21.03.2010. 17:00
 kapkaida
Каныкейдин Заман деген ыры жетим баланын тагдыры тууралуу, Носонтеси - жетпей калган умуттор тууралуу, Кое бер мени кайгы деген ырдын аты эле айтып турат эмне жонундо экенин, Сарала - бул урпактардын аламашышы тууралуу, карылар кетип, алардын оордуна жаны муундун келиши туурлуу. Журок Сыздайт суйуу тууралуу.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо