Жумагүл Раимжан кызы "Сүйүү бакыты"
Жанр:Поп
00:03:51
48,75 Мб
Жүктөлгөн: 14-05-2014


Сөзү:Н.Кадырбек кызы
Обону:Ж.Жанболот кызы

Өзүңдү сүйүп жүргөн, ай,
Бир эмес, көптү билем.
Көзүңдөн күйүп жүргөн, ай,
Жалындуу отту билем.

Жазылган маңдайыма сени,
Кемибес бак деп билем.
Тапканга бир өзүңдү,
Шүгүр деп жашап келем.

Кайырма:
Мен сени жылдыз эмес да,
Жаркыган ай деп билем.
Күз эмес, сары жандуу,
Көлкүгөн жай деп билем.
Сен мага учканды үйрөттүң,
Тордогу булбул элем.
Сүйүүнү тутканды үйрөттүң,
Күдүкчүл бир муң элем.

Мен сени бул өмүрдө,
Түгөнбөс ыр деп билем.
Төгүлгөн төбөмдөгү, ай,
Эң жылуу нур деп билем.

Өзүңдү өмүрүмдүн, ай,
Сакчысы, эр деп билем.
Айымды аяй билген, ай,
Эң айкөл шер деп билем.
  • Currently 4.00/5
(8 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (35)

14.05.2014. 15:30
 maksat-kg-kg1
эн сонун кайрыктар!!!алга !!!!ийгилик болсун!!!!
15.05.2014 13:08
usssson
Ушул кыз мага жагат Тити
14.05.2014. 16:21
 meerim8793
Азаматсын. Дагы кутобуз жаны ыр, клиптерди. Барган сайын жакшы чыгып жатасын.
14.05.2014. 21:07
 tulpanka92
Супер супер суперсинер
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: