Нурлан Насип "Бүгүн сенин туулган күнүң"
04:02
4,26 Мб
Жүктөлгөн: 19-05-2014
Жанр: Поп
Сөзү:Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону:Нурлан Насиптики
Көчүрүү
  • Currently 3.74/5
(27 добуш)
Карек толуп, ата-энең толкуп кубанат,
Келген элең сен жарыкка бүгүн ыңаалап.
Көңүл сүйгөн сайран, достор менен майрам,
Ар жыл сайын, ай, уланат.
Кучак толо гүлдөр, жылмайышкан жүздөр,
Туулган күн шаңга бөлөнөт.

Кайырма:
Бүгүн, бүгүн, бүгүн
Сенин туулган күнүң.
Амандыкты тилейли,
Ден соолукта жүргүн.
Ачылсын ар дайым
Жаштык өмүр гүлүң,
Бактың, сүйүүң.
Бүгүн, бүгүн, бүгүн
Сенин туулган күнүң.
Ата-эне бир тууганга,
Алтын башты ийгин.
Жашоонун кадырын
Узак жашап билгин,
Ойноп-күлгүн.

Жаркын маанай, дасторкон үстүн саймалап,
Жакындарың кымбат белек алып камданат.
Коноктор топтолуп, ыр-бийлер коштолуп,
Куттук сөздөр, ай, арналат.
Эч нерсе жетпеген, эсиңден кетпеген
Эх, кандай сонун салтанат, эй.

Кайырма:

Комментарийлер (98)

19.05.2014. 17:13
 Айпери Сыдыкова
Жакты.
19.05.2014 20:05
dastan_nookat
Айпери Сыдыкова, еже жаны ырларыныз качан чыгат! Батырак чыгарынчы кутобуз
19.05.2014. 17:30
 danko2013
сонун ырдаптыр,Нурлан алга
19.05.2014. 18:48
 Wirin_kyz
Сонун ыр экен! Туулган кунго ырдап берсе болот экенда! Азамат! Алга!
19.05.2014. 18:55
 Ak_gulum
Дюхага карата0жагымдуу ыр !Азамат.
19.05.2014. 19:21
 Puwkin
apey Daniyar Ematov yrdady bele? Emne tuurap algan je Kadyrjandyn baldary degen belgibi. uksa bolot, birok maga Daniyardyky jagat Nurlandykuna salyshtyrmaluu shanduu
20.05.2014 02:06
aziz.
Puwkin, ал ырдаган совсем башкача ыр экенго
19.05.2014. 19:22
 baxa_____
супер брат
19.05.2014. 19:31
 NADUW
жаман эмес.
19.05.2014. 19:39
 Gulirka
=)
19.05.2014. 19:40
 Gulirka
тексты барбы?)
20.05.2014 13:03
admin_superstan
Gulirka, текст кошулду.
Комментарийлерди жашыруу
20.05.2014 14:11
Gulirka
admin_superstan, рахмат=)
19.05.2014. 19:44
 Beka.Alay
Азаматсын Насипов Нурлан талантына таазим онорун оркундой берсин,туулган кун ээлерине ар дайым белек катары ыр болуп журо берсин
19.05.2014. 20:09
 dastan_nookat
Нурлан насип алга!!!!
19.05.2014. 20:17
 don.kg
Магада жакты.
19.05.2014. 20:22
 Cho
Маладец мага жакты
19.05.2014. 20:28
 maksat-kg-kg1
салам кыргыз элим !!!Нурлан Насип иигилик болсун,обону жакшы чыктыптыр!!!!Бугун бугун бугун, менин туулган кунум!!!!
19.05.2014. 21:15
 tulpanka92
Алггаа Нурлан Насип
19.05.2014. 21:38
 Nazika_92.29
Ыр мазмуну менен экен!Азамат алга.Клибин да кутобуз!
19.05.2014. 22:17
 patma.mahmud-kyzy
Туулган кун жонундо ырлар аз болчу жана сапатсыз болчу, Нурлан Насиптин бул ыры туулган кундо ырдай турган эн мыкты ыр болуптур. Азаматсын, чыгармачылык ийгилик каалаймын. Баардык ырлары уккада кулпуга толо турган ырлар.
19.05.2014. 22:33
 aika_sv
Жакшы ыр экен, жакты. Эми Даниярдан кийин баары туулган кун жонундо ырдашат да ээ.
19.05.2014. 22:47
 peri...97
Жакшы жакшы.....
20.05.2014. 00:15
 baiyshvip
Азамат братес!!!!Жактыго!!!
20.05.2014. 00:23
 masterklas
Данияр Эрматовдун ыры жакты бул ырга караганда быстрый еще шандуу угуп коргулочу.. http://www.super.kg/media/audio/116655/
20.05.2014. 00:25
 Anjella89
Уят барбы ээ ырчылар. ..Даниярдын ырын неге ырдадын Нурлан? Бирок жакшы ырдапсын
20.05.2014 14:45
tynalieva_1991
Anjella89, Даниярдын ырын кандайча ырдаптыр?
04.06.2014 13:27
tavsan
Anjella89, masterklas экоондо слух деген жок го дейм, окшошпой эле турбайбы Даниярдын ырына
20.05.2014. 00:28
 nurando
Мына даагын жакшы бир ырын угуш Насип болду эн жакшы ийгилик
20.05.2014. 00:37
 Mariyana
Соонун чыгарма болуптур, ийгилик!
20.05.2014. 01:02
 aygerimka
Жакшы ыр болуптур. Мындан ары да жакшы чыгармаларды элге арнап журо бериниз.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо