Айпери Сыдыкова "Самба"
Жанр:Поп
00:02:55
38,5 Мб
Жүктөлгөн: 20-05-2014


Жай басып улам жанымдан,
Жан эркем, чачып жалындан.
Жаркырап бийге чакырсаң,
Бийлегим келди капыстан.

Кайырма:
Самба, самба, самба,
Кыймылдан артта калба.
Нота ойносун,
Жүрөк козголсун,
Сүйүүнүн бийи - самба.
Самба, самба, самба,
Кыймылдан артта калба.
Арзуубуз учуп
Асманга жетсин,
Сүйүүнүн бийи - самба.

Айлантып, кысып белимди,
Ансайын алып демиңди.
Кучагым толуп турганда,
Кумарга батып бийлейли.
Кайырма

Бийкечиң болом бактыңа,
Бийлейли бирге дайыма.
Жаңырып ар бир күнүбүз,
Жашасын тапкан сүйүүбүз.
Кайырма
  • Currently 4.60/5
(15 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (104)

20.05.2014. 17:56
 kama_future_millioner
Жакшы эле болуптур ак жол
20.05.2014. 18:07
 elina
менин жеке оюмча сизге кобурок сары чач жарашат экен.
20.05.2014. 18:18
 turgunbek
формасы уну ыры клип сопсонун эле болуптур баары бирону сындаганды койуп озунор бир клип тарттырып ырдап чыккылачы королу даяр тамака сынчы коп болбой Айпериге болсо ийгилик каалайм коп коп ырларды жаратып эл суймончулугуно ээ болуп журо бер
20.05.2014. 18:30
 fomo
Бир гана прическасы бузуп койгон а так все отлично.
20.05.2014. 19:16
 nazimka
Бул кыз баягы эле Кыз-Бурактагы образынан чыгалбай журот окшойт.Кичине стилист менен иштешсе озунун образын таап берет беле.Анан Айжамал Кабылованы эле туурагансый берет келбетинен баштап мимикаларына чейин эле.
20.05.2014. 20:01
 Sharos
Унун сонун, ырларындын баары жакшы, ийгилик сага Айпери.
Sharos, Рахмат,бактылуу болгула.
20.05.2014. 20:09
 rah
Айжамал Кабылованы туурабай эле окшошуп кетет экен клип ыр да сонун болуптур мындан артык эмне жаман эмес сопсонун королбагандар жаза беришет Айпери алга
20.05.2014. 20:13
 tavsan
чурок болуп боёнуп алган Анжеликага деле ойуй ашыкча боёп коюптур, ачык кийинип алыптыр ж.б.дей бересинер.Менин силерге советим идеалдуу адамдар-ырчы жакпаса такыр корбой эле койгула анын клиптерин ж.ырларын да укпагыла!!!
20.05.2014. 21:08
 Daiza
Сындатып эле койсо болду ээ туугандар, талант деген нерсеге конул бургулачы. Кайдагы болор болбос учун талашып тартышпай, баары жарашып туратго! Голос сонун, обон, ыр жазат, мыкты таланттардын бири. Жонокойлугу менен даже ушул сайтта колдонуучулар менен талкууга аралашып журушот. Сыймыктанып сыйлап алалычы чыгармачыл инсандарды, как ни как биз учун аракет кылып жатышат!
Daiza, Тушунгонунущ учун чоооон рахмат,аман болунущ,сиздей адамдар жанымда коп болсун )))
21.05.2014 23:39
bella.samat
а ыр жонундо бир жолу угуп клипин коруп койсо болот бирок эсте каларлык эч нерсе жок сапатсыз клип.....Модератор admin_superstan түзөттү 22.05.2014 09:29
22.05.2014 09:30
admin_superstan
bella.samat, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз!
20.05.2014. 21:28
 erdem2014
bul klipti korup oturup bul emne kan4anji jyldarga taandik degim kelip turat emne myn4a retro ya??? izdenuu jok. okwow kadrlar. makyaj, style ujaaaaaaaaaaaas!!!
20.05.2014 23:44
Made_in_Mama
erdem2014, созунузго жуз пайыз кошулам. Кенеш тобуна окшоп бир эле студияда тартып койгон ар турдуу кийинип...
21.05.2014. 00:04
 Mariyana
Айпери чыгармачылык ийгилик!
21.05.2014. 00:40
 Danisa
Чынында сенин апакай деген ырын жаны чыкканда жактырып бир жумадай угуп жургом радиодон, башка ырынды билбейт деле экенмин. Азыр чисто случайно коммнеттерди окуп калып кирдим.
Клипти до конца коргон жокмун.Модератор admin_superstan түзөттү 21.05.2014 10:07
21.05.2014 10:08
admin_superstan
Danisa, жеке билдирүүлөр үчүн купуяны колдонуңуз!
21.05.2014. 01:20
 Karloseltapo2010
Уну жагат мага кабылова экоонун уну вообще окшош го ээ
21.05.2014. 01:26
 Karloseltapo2010
Мага Кайыргул деген ырчы жакчу эле эч эле корунбой кетти го маектери болсо сылкасын жонотуп койгулачы
21.05.2014. 01:47
 ASO
Айпери, мен сени суйом!!!
21.05.2014. 01:57
 kirpik
ушул кантип ыр болсун ТАТА-Айпериби андан коро ой булбулду ырдасан сонун болмок
21.05.2014. 02:02
 melkaya
Чем больше отзывов,тем выше рейтинг.Значит она заметная,она интересна всем.В портале есть ужасные клипы но даже отрицательных отзывов не оставляют.А вы Айпери Сыдыкова - талант,у вас прекрасный голос.
21.05.2014 02:12
Made_in_Mama
melkaya, былтыр Бакир уулу Турсунбай катуу талкууга алынган. 18деги кызга уйлонгондо. Элге ошол иши жакпаса же жакса катуу талкууга алынат. Тилекке каршы бул клип кобуно жаккан жок. Айперини эч ким жаман деген жок. Болгону клип сапатсыз, кызыксыз у.с.ж.б.
21.05.2014 12:35
meerim8793
Made_in_Mama, өзүңүзгө жакпаса эле, көбүнө жаккан жок деп жыйынтык чыгарып кёсбу?! Жакшылап окуп алыңыз бул жерде көпчүлүгү жактырышкан. Сапатсыз, кызыксыз болсо көрбөй коюн, көрсөңүзда унчукпаң, кайра-кайра эле ар ким менен айтыша бербей.
22.05.2014 13:23
Sot
melkaya, полностью согласен с тобой
21.05.2014. 02:17
 batonchik
Бул жерде бир эле адам айпериге очошуп,эмоцияга алдырып аткандай сезилип жатат. Айпериге ийгилик каалаган сындарга да ( -) белгисин баскылап.Модератор admin_superstan түзөттү 21.05.2014 10:17
21.05.2014 10:17
admin_superstan
batonchik, провокация жаратуудан алыс болуңуз!
21.05.2014. 02:45
 upol92
Тооба коро албастар коп экен ким мактаса -
Жамандаса +
Аллахым баарыбызга нысап берсин...
21.05.2014. 02:57
 Altysh_Boldush
эсин болсо, эси жокторго конул бурба Айпери. коро албай жазгандар чын чынына келгенде бир суротко нормальный тушо албайт. алдыга алаг куч ал. жакшына эле клип болуптур
21.05.2014. 10:20
 admin_superstan
Made_in_Mama, жеке айтышууларга жол жок! Билдирүүлөрүңүз өчүрүлдү. Башка бөлүмдө дагы эреже бузганыңыз үчүн 5 күн БАН!
21.05.2014. 11:08
 admin_superstan
rah, талкуудан алыс билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Эсиңизде болсун!
21.05.2014. 11:56
 Dinakg
Аракет кылсан берекет-дегендей,мындан да жакшы клиптерди кутобуз.Айпериге чыгармачылык ийгилик,уй-булолук бакыт каалайм.
21.05.2014. 11:58
 Zamirbek_77
Айпери абдан сонун клип тартыпсын сага ийгилик каалайм, анча мынча короалбастарга капа болбо.
21.05.2014. 12:47
 jypara1415
Сонун эле болуп турат .
21.05.2014. 13:38
 Pegazka
Jakwy klip,jakwy yr myndan da chygarmachylyk uigilik.
21.05.2014. 14:09
 nuri.88
Айпери ийгилик,уйбулолук бакыт. Ар дайым жузундон жылмаю кетпесин. Коро албагандар ар нерсе дей берет,конул бурба. Дагы жаны ыр,клиптерди кутобуз!Алга Айпери!
21.05.2014. 14:31
 admin_superstan
kirpik, жеке билдирүүлөр үчүн купуяны колдонуңуз!

Талкуудан алыстабагыла!
21.05.2014. 17:03
 zolotse
кечке сиздин клипти коруп суктанып, ичи куйуп отурат Айпери эже. Ошон учун комменттери аябай коп экен. Значить кызыгуу жараттыныз. Азаматсыз мындан да сонун клиптерди кутобуз. Алга жана да алга.Модератор admin_superstan түзөттү 21.05.2014 17:17
21.05.2014 17:18
admin_superstan
zolotse, провокацияга жол жок! Билдирүүңүз түзөтүлдү!
21.05.2014. 17:18
 admin_superstan
turgunbek, мазактоодон алыс болуңуз! Эскертүү!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: